Өмүрбек Текебаев: Шайлоонун жыйынтыгында абсурддук өзгөртүүлөр болду

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев парламенттик шайлоонун жыйынтыгында абсурддук өзгөртүүлөр болгонун билдирди. Ал партиянын талапкеринин добушу «башкаларга кетти» деген пикирде.

«Өзүбүздүн сурамжылоо боюнча биз 8-10% төмөн түшпөй келе жатканбыз. “Ата-Журт Кыргызстандан” башка бийликчил партиялар 4%га жеткен эмес. БШКнын сайты биринчи көрсөткөндө биздин партия 71 миңден кем эмес добуш алган. Сайтты өчүрүп, кайра күйгүзгөндө добуштардын саны 41 миңге түшүп калды. Бул деген биздин талапкерлер Али Токтакуновдун, Тилек Токтогазиевдин, Наталья Никитенконун, Клара Сооронкулованын добуштары башкаларга кетти дегенге жатат», — деди ал.

Текебаев башка партияларга кайрылып, парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча бюллетендерди эртеңкиге калтырбай кол менен эсептөө керектигин айтты. Анын пикиринде эгер «эртеңкиге калып кетсе, анда массалык бурмалоо болушу мүмкүн».

«Көп шайлоону көрдүк, мындай шайлоону көргөн эмеспиз. Туура, былтыр сатып алуулар болду. Былтыр добуштарды кол менен эсептешкенде, сатып алып келген добушу чыккан. Бүгүн анын баары бурмаланып, системаны жок кылып, эки эсе кылып баарын өзгөртүп койду», — деди ал.

Текебаевдин айтымында, ага кече күнү журналисттердин бири телефон чалып, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен сүйлөшкөнүн айтып берген.

«Ал “мага Эдил Байсалов телефон чалып “Ата Мекен” өтпөйт экен деди”. Ушул-ушулар өтөт экен деп сандарды көрсөтүптүр. Дал ушул проценттер Эдил Байсалов айткан сандар менен дал келет», — деп билдирди Текебаев.

БШКнын баштапкы маалыматы боюнча «Ата Мекен» партиясы добуштардын 6,17 пайызына ээ болгон болчу. Бирок Боршайкомдун сайтындагы база убактылуу иштебей калып, андан кийин добуштардын саны өзгөргөн.

Боршайкомдун базасы убактылуу иштебей калганга чейинки жана кийин добуштардын саны.

Автоматтык эсептөөчү урналардын 93.83%ы эсептелип бүттү. Акыркы жыйынтык боюнча «Ата Мекен» 5%дын босогодон өткөн жок. Партия шайлоочулардын 3,34 пайызын алды.

Алдын ала жыйынтык боюнча парламентке «Ата Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак», «Альянс», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ыйман Нуру» партиялары өттү.

Тема боюнча:

Боршайкомдун сайтында мүчүлүштүк орун алып, алгачкы маалыматтар өзгөрүп кетти

Адахан Мадумаров шайлоо тууралуу: Азыр олтуруп алып «химия» жасашат