«Кудайдан корккула!» Садыр Жапаров БШКнын сайтындагы үзгүлтүк боюнча кайрылуу жасады

28-ноябрдан 29уна караган түнү президент Садыр Жапаров БШКнын сайтындагы үзүлтүктөн улам «добуштары уурдалды деп жаткан» партияларга кайрылып, бюллетендерди кол менен санап чыгууга чакырды. Анын айтымында, аларга эч ким тоскоолдук болбойт.

«Кол менен санап чыккыла. Толук санап чыгып, ар бир нааразы болгон партия ынанмайынча бюллетендер эч жака жылбашы керек», — деп билдирди ал Фейсбуктагы постунда.

Ошондой эле ал БШК «чындап эле добуш берүүнүн жыйынтыгын жасалмалаган болсо» комиссия мүчөлөрүнүн баары жоопко тартыларын белгиледи.

«Керт баштары менен жооп беришет. Бийлик тараптан шайлоо процессине кийлигишпегендей эле БШКнын ишине дагы эч ким кийлигишкен жок. Эгер ким кийлигишкен болсо, БШКнын мүчөлөрү ачык айткыла. Адамдан коркпогула. Кудайдан корккула!» — деп эскертти ал.

Буга чейин, 80%дан ашык автоматташтырылган үкөктөрдүн жыйынтыгы сайтка чыккандан кийин Боршайкомдун сайтындагы база убактылуу иштебей калган. Андан соң добуштардын саны өзгөрүп кеткен.

Азыркы тапта беш партия АСУдан алынган маалыматтар өзгөрүп кеткенине байланыштуу шайлоонун жыйынтыгынан күмөн санап жатат. Алардын арасында «Ата Мекен», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Улуттар биримдиги» партиялары бар.

Ал эми, БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова сайттагы базанын убактылуу иштебей калганы боюнча комментарий берип, БШКнын таблицасындагы кичинекей бир формула туура эмес жазылып калганын айткан.

Учурда «Клооптун» байкоочуларынын баары УШК мүчөлөрү кол санактын протоколунун күбөлөндүрүлгөн копиясын бербей жатканын айтып жатышат. Эгерде протоколдордун көчүрмөсү берилбесе, биз добуштарды санап БШКдагы маалымат менен салыштыра албай калабыз.

Комиссия мүчөлөрү проколдорду бербей жатканын мындайча түшүндүрүштү: алгач протоколдорду округдук шайлоо комиссияларына алып барып, катасы бар-жогуна текшерүү керек. Ошондой эле алар көчүрмөлөрүн басып чыгарган техника жана кагаз жоктугуна таянышууда.

Тема боюнча дагы окуңуз:

Шайлдабекова: Бир таблицада кичинекей формула туура эмес жазылып калган

Өмүрбек Текебаев: Шайлоонун жыйынтыгында абсурддук өзгөртүүлөр болду