Шайлоо: «Жалпы иш» фонду 50гө жакын мыйзам бузуу тууралуу кабарлады

Сүрөт: Айдай Токоева/Kloop

«Жалпы иш» коомдук фонду 28-ноябрь шайлоо күнү саат 21:00гө карата 46 мыйзам бузуу катталганын билдирди. Алардын эң көбү Ош облусунун аймагында болду.

Маалыматка ылайык, мыйзам бузуулардын ичинде бюллетендер кайра саналбаганы, добуш берүүнүн купуялуулугу сакталбаганы, шайлоо күнү үгүт жүргүзүлгөнү жана эсептөөчү үкөктөр иштебей калганы бар.

Фонд бул болжолдуу сан экенин, региондордо байкоо жүргүзүү уланып жатканын белгиледи.

28-ноябрда, Кыргызстанда парламенттик шайлоо өттү. Анда «Жалпы иш» коомдук фондунун 600 байкоочусу иштеди. Алдын ала жыйынтыктар боюнча «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак», «Альянс», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ыйман Нуру» жеңишке жетти.

Шайлоо аяктагандан соң «Ата Мекен», «Социал-демократтар», «Азаттык» жана «Улуттар биримдиги» партиялары шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айтып чыгышты.

Алар шайлоо «бурмалоо жана көз боёмочулук менен өттү» деп эсептешет. Атап айтканда, лидерлер бийлик айрым партиялардын 40 миңден 70 миңге чейинки добушун тартып алды деп билдиришти.

Буга байланыштуу беш партиянын лидери министрлер кабинетинин токтоосуз отставкага кетиши менен адилеттүү кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.

АСУдагы добуштардын жыйынтыктары чыга баштаганда БШКнын сайтында үзгүлтүк катталып, ал жерде болушу мүмкүн эмес сандар пайда болгон. Алгачкы маалыматтар жарыялангандан кийин партиялар тарабынан алынган добуштардын пайызы 150гө жетип жаткан, ал эми жеңген партиялардын пайызы — 130%дан ашкан.

БШК айрым убакытка маалыматтарды өчүрүп, жаңыларын жарыялаган, бирок ал да туура келбей жатат.

Мындан улам партиялар шайлоонун жыйынтыктарынан күмөн санап, добуштарды кол санактан өткөрүүнү талап кылышты. Алар добуштары жоголуп кеткенин айтышууда.

Кененирээк окуңуз:

Боршайкомдун сайтында мүчүлүштүк орун алып, алгачкы маалыматтар өзгөрүп кетти

Хакердик чабуул, саботаж. Бийлик БШКнын сайтындагы үзгүлтүктү түшүндүрө албай убара

«Кудайдан корккула!» Садыр Жапаров БШКнын сайтындагы үзгүлтүк боюнча кайрылуу жасады