Беш партиянын лидери минкабдын отставкасын жана кайра шайлоону талап кылды

Шайлоонун жыйынтыгын тааныбаган партия лидерлеринин жыйыны. Жалбырак ТВнын скриншоту

«Ата Мекен», «Реформа», «Социал-демократтар», «Азаттык» жана «Улуттар биримдиги» партиялары шайлоонун жыйынтыктарын тааныбайт. Буга байланыштуу партия лидерлери биргелешкен билдирүү жасап чыгышты.

Алар шайлоо бурмалоо жана көз боёмочулук менен өттү деп эсептешет. Атап айтканда, лидерлер бийлик айрым партиялардын 40 миңден 70 миңге чейинки добушун тартып алды деп билдиришти.

Буга байланыштуу беш партиянын лидери министрлер кабинетинин токтоосуз отставкасы менен адилеттүү кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышууда.

Мурдарак БШКнын сайтында автоматтык урналардагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда үзгүлтүк орун алып, ал жерде болушу мүмкүн эмес сандар пайда болгон. Алгачкы маалыматтар жарыялангандан кийин партиялар тарабынан алынган добуштардын пайызы 150гө жетип жаткан, ал эми жеңген партиялардын пайызы — 130%дан ашкан.

БШК айрым убакытка маалыматтарды өчүрүп, жаңыларын жарыялаган, бирок ал да туура келбей жатат.

БШКнын сайтынын ишиндеги үзгүлтүк бир нече партияны парламенттик шайлоонун жыйынтыктарынан күмөн санатты. 29-ноябрга караган түнү алты партия АСУнун маалыматтарынын алдын ала жарыяланган жыйынтыктарына макул эместигин билдирип, добуштарды кол санактан өткөрүүнү талап кылышты. Алардын айтымында, алардын добуштары жоголуп кеткен.

Мыйзам боюнча, шайлоонун акыркы жыйынтыгы кол санактын эсебине ылайык чыгарылат, бирок кол санак аяктай элек.

Тема боюнча:

Хакердик чабуул, саботаж. Бийлик БШКнын сайтындагы үзгүлтүктү түшүндүрө албай убара