1-декабрдан тартып Кыргызстанга киргендерден терс натыйжалуу ПЧР-тест талап кылынат

Министрлер кабинети 2021-жылдын 1-декабрынан тартып, коронавирустун жаңы omicron штаммынан улам бардык кызматтардын COVID-19га каршы күрөшүүдөгү даярдыгы күчөтүлөрүн жарыялады.

«Чет элдиктер жана өлкө жарандары Кыргызстанга кирүү үчүн эмделүү макамынын болгонуна карабай, милдеттүү түрдө коронавирус инфекциясына карата ПЧР-тест тапшырып, тест терс натыйжага ээ болушу шарт», — деп айтылат минкабдын билдирүүсүндө.

2020-жылдын сентябрында Кыргызстанга кирип жаткандардын дене табын текшерүү. Сүрөт: ТИМдин басма сөз кызматы

Кыргыз бийлиги omicron жаңы штаммынын очогу аныкталган өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык абалга көз салып турат. Ал өлкөлөрдүн тизмеси Чек ара кызматына берилет — бул мамлекеттин жарандарына Кыргызстанга кирүүгө тыюу салынат. Минкаб мындай чараларды жаңы штаммдын«келишин жана андан ары жайылып кетүүсүн болтурбоо» үчүн көрүп жатат.

Минкабдын тапшырмасы менен баардык мекемелер эпидабалдын курчуп кетүүсүнө даяр болуусу керек.

Оmicron жаңы штаммы деген эмне?

24-ноябрда британиялык окумуштуулар коронавирустун жаңы штаммы пайда болгонун маалымдашкан. Жуктуруунун алгачкы учуру Ботсванада катталган, андан кийин бир канча учур Түштүк Африка республикасында аныкталган.

Изилдөөчүлөрдү жаңы штаммдын мутациясы, тез жайылышы жана учурдагы вакциналарга туруктуулугу тынчсыздандырууда.

Окумуштуулар omicron штаммы ушул тапта басымдуу катталып жаткан delta вариантына караганда эки эсе көп мутацияланып жатканын айтышты.

«Бизге азыр көп нерсе белгисиз. Бул вариант көптөгөн мутацияларга ээ экенин так айта алабыз. Бул абдан тынчсыздандырат, анткени мутациялардын көптүгү вирустун жүрүм-турумуна таасир этет», — деди Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) өкүлү Мария Ван Керкхове.

Түштүк Африканын саламаттык сактоо органдарынын маалыматы боюнча, жаңы варианттын 100дөн азырак учуру катталды. Көбүнчө вакцина алууга ашыкпаган жаштар арасында көп болууда.

ДССУнун өкүлү Кристиан Линдмайер Женевадагы брифинг учурунда мамлекеттер аралык сапарларга тыюуу салууга негиз жок деп билдирди. Анын айтымында, учурда жаңы штамм аныкталган өлкөлөр менен биргеликте жаңы вараинттын табиятын изилдөө керек.

ДССУнун өкүлү Ван Керкхова эмдөө алганына кабай, бардук адамдар мурдагыдай эле беткап тагып, эл көп чогулган жайлардан оолак болушу керек экенин эскертти. Анын айтымында, бул вирус канчалык тез жайылган сайын анын мутация болушуна мүмкүнчүлүтөрү ошончолук жогорулайт.