Акыркы суткада коронавирустан үч адам каза болду

Иллюстративдик сүрөт.

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, 30-ноябрга карата өлкөдө коронавирустан үч бейтап каза болуп, илдеттен 118 адам айыкты. Ал эми жуктуруунун 66 жаңы учуру катталды.

  • Чүй облусунда — 30;
  • Бишкек шаарында — 19;
  • Баткен облусунда — 7;
  • Жалал-Абад облусунда — 5;
  • Ош облусунда — 4;
  • Талас облусунда — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 183 351ге жетти. Ал эми өлкө боюнча 178 230 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 746 адам көз жумду.

Учурда 405 бейтап ооруканада, ал эми 488 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 30-ноябрга карата 10 260 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 4 508 адам биринчи дозасын, ал эми 4 457 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.