Шайлоонун жыйынтыгы: Президент күмөн саноо болбош үчүн баарын жасайбыз деп билдирди

Президент Садыр Жапаров 29-ноябрда өлкөдөгү парламенттик шайлоого мониторинг жүргүзгөн эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери менен жолукту.

Садыр Жапаровдун эл аралык байкоочулар миссияларынын жетекчилери менен жолугушуусу.
Сүрөт: Президенттик администрациянын басма сөз кызматы

Ал кыргызстандыктар 2020-жылдын октябрында «өздөрүнүн мыйзамдуу укуктарын коргоого чечкиндүү чыгып, Кыргызстанды өнүгүүнүн демократиялык жолуна кайтарууну талап кылганын» белгиледи. Анда парламенттик шайлоодогу массалык бузуулардан улам өлкөдө бийлик алмашып, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Президент 2021-жылдын 28-ноябрында өткөн шайлоо «эң атаандаштыктагы жана катышуу шарттары боюнча бардыгына тең шайлоолордун бири болуп калды» деп билдирди.

«Өткөн жылда биз акылман элибиздин алдындагы милдеттенмелерибизди толук аткарууга аракет кылдык. Бардык саясий процесстерди конституциялык-укуктук талаага кайтарууга, социалдык-экономикалык ырааттуу өнүгүүгө көмөк көрсөтүүгө, элдин биримдигин жана жаңы бийликке болгон ишенимин бекемдөөгө багытталган коомдук-социалдык маанилүү иш-чаралар өткөрүлдү […] Биздин жарандар жана дүйнөлүк коомчулук шайлоонун жыйынтыгынын мыйзамдуулугунан күмөн санабашы үчүн биз бардыгын жасайбыз. Бийлик биздин шайлоочулар тарабынан колдоого алынган Жогорку Кеңештеги бардык саясий партиялар менен иштешүүгө даяр», — деп белгиледи Жапаров.

Президенттик администрациянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ага жооп катары эл аралык байкоочулар Жапаровду жана кыргызстандыктарды парламенттик шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттукташты.

«Алар шайлоону өткөрүү, шайлоо процессинин айкындуулугун жана ачыктыгын камсыз кылуу боюнча жогорку уюштуруучулук иштерди белгилешти», — деп айтылат билдирүүдө.

Бузуулар болду

Жапаровдун бул шайлоо атаандыштык маанайда өттү деген оюу менен Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун (ЕККУ) адам укуктары жана демократиялык институттар бюросу, ЕККУнун парламенттик ассамблеясы жана Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы макул болушту.

Сүрөт: «Клооп»

Алар өздөрүнүн алдын ала чыгарган отчётунда жалпысынан шайлоо ачык-айкын, шайоонун жыйынтыгына таасир тийгизбеген бузуулар менен өттү деген тыянакка келишкен.

Бирок алар аралаш шайлоо системасына өтүү аялдардын, улуттук азчылыктын өкүлдөрүн жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин шайлоого катышуусун камсыздоого терс таасирин тийгизгенин белгилешти.

«Жалпы иш» коомдук уюму дагы шайлоо жалпысынан «мыйзамдын жана процедуралардын негизинде» өттү, бирок «шайлоодон шайлоого кайталанган бузуулар тууралуу билдирүүлөр» менен коштолду деп эсептейт.

Анткен менен байкоочулар шайлоодогу бурмалоорлор боюнча бийликтин дарегине айтылган айыптоолорго тынчсызданышууда. Алар бийлик мындай иштерди иликтейт деп үмүттөнөт.

Кыргызстандагы депутаттарды кайра шайлоо

Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген. Парламенттин жаңы чакырылышы 90 депутаттан турат — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат.

Парламенттик шайлоо аралаш система менен өттү — 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланды. Шайлоого 21 партия, ал эми бир мандаттуу округдардан 300 жакын талапкер катышты.

Шайлоого келгендердин саны 30% араң ашты. «Клооптун» байкоочулары саат 22:00гө карата өлкө боюнча 436 бузууларды аныкташкан. Алардын дээрлик жарымы – добуш берүүнүн купуялуулугун базуу, төрттөн биринен ашыгы – АСУ иштен чыккан учурлар. Андан тышкары, мыйзамсызсыз үгүт жүргүзү жана шайлоочуларды сатып алган болуусу мүмкүн делген 33 учурду каттады.

Автоматтык урнадагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгара баштагандан кийин БШКнын сайтында мүчүлүштүк кетип иштебей калган. Алгачкы маалыматтар жарыялангандан кийин, партиялар алган пайыздардын жалпы суммасы 150%га жеткен, ал эми жеңишке жеткен партиялардыкы 130%дан ашкан. БШК бир канча убакытка маалыматтарды өчүрүп, андан соң сайтка жаңы маалыматтарды жүктөдү, бирок анда айырмачылыктар болду.

Мындан улам, бир катар партиялардын тарапташтары Борбордук шайлоо комиссиянын имаратынын алдына митингге чыгышкан. Алар эки күн ичинде жаңы шайлоо өткөрүүнү дайындап жана БШК мүчөлөрүнүн отставкасын талап кылышкан. БШК жооп катары «механикалык ката» үчүн кечирим сурап, бул тууралуу толук маалымат берүү үчүн партия өкүлдөрүн чакырууну убадалаган.

Тема боюнча окуңуз:

БШКнын алдындагы митинг: Шайлдабекова сайттагы ката үчүн кечирим сурады

Али Токтакунов добуштары дагы деле «уурдалып жатканын» билдирди