Али Токтакунов добуштары дагы деле «уурдалып жатканын» билдирди

«Ата Мекен» партиясынын талапкери, журналист Али Токтакунов шайлоодо алган добуштары «дагы деле уурдалып» жатканын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбук барагына жарыялаган видео түшүндүрүп берди.

Анда Токтакунов саат 23:30 чамаларында БШКнын автоматтыштырылган электрондук урналарынан (АСУ) алынган алдын ала жыйынтыктарга көңүл буруп, талапкер катары 2 717 добуш алганын көрсөттү. Бул убакытта Боршайком сайтындагы мүчүлүштүктөрдү жоюп, так маалыматтар жарыяланып башталганын билдирген болчу.

Анткен менен беш сааттан кийин, 29-ноябрдын саат 04:45те, Токтакуновдун добуштары 2 621ге түшүп кеткен.

«Бир нече сааттын ичинде эле жүздүн тегерегиндеги добушум каяка жоголуп кетти? Же мени шайлаганы келгендер добуштарын, бюллетендерин кайрадан уурдап кетип жатышабы? Мен 2 717 ансыз дагы эселенген уурулуктан кийин калган добушум деп эсептейм», — деди Токтакунов.

Журналист буга чейин «Ата Мекендин» талапкерлери миңдеген шайлоочулар менен жолугушуп, 20 миңдей телефон чалууларды кабыл алып, алардын «басымдуу бөлүгү бизге добуш бере турганын билдирген» деп айтты. Мындан сырткары, Токтакунов ага жүздөгөн киши «үй-бүлөбүз добуш бердик» деп байланышка чыкканын кошумчалады.

Токтакунов 28-ноябрда өткөн шайлоо «ыплас» болгонун белгилеп, «президент Садыр Жапаров калп айтты» деп билдирди.

«Президент Садыр Жапаров жана анын бийлиги элдин добушун, элдин ишеничин уурдады. Эл колдогон эр-азаматтарды басынтам деп ойлойт, бирок бул тилеги таш кабат. Бийликтин запкысын жеп жүргөн адам катары муну Садыр Жапаров билиши керек жана мындайды болтурбай алдын алышы керек болчу», — деди ал.

«Ата Мекен» партиясынын талапкери шайлоону жокко чыгарып, кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылды. Ошондой эле Токтакунов Борбордук шайлоо комиссиясын, «шайлоонун коопсуздугун, тазалыгын камсыздай албаган» Министрлер кабинетинин отставкасын талап кылды.

*Учурда БШКнын сайтында Токтакунов 2 624 добуш алганын көрүүгө болот.

БШКнын сайтынын үзгүлтүккө учурашы

28-ноябрда парламенттик шайлоо аяктагандан кийин БШКнын сайтында АСУдагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарууда үзгүлтүк орун алып, ал жерде болушу мүмкүн эмес сандар пайда болгон.

Алгачкы маалыматтар жарыялангандан кийин партиялар тарабынан алынган добуштардын пайызы 150гө жетип жаткан, ал эми жеңген партиялардын пайызы — 130%дан ашкан. БШК айрым убакытка маалыматтарды өчүрүп, жаңыларын жарыялап, бирок ал да туура болбой жатат.

БШКнын сайтынын ишиндеги үзгүлтүк бир нече партияны парламенттик шайлоонун жыйынтыктарынан күмөн санатты. 29-ноябрга караган түнү алты партия АСУнун маалыматтарынын алдын ала жарыяланган жыйынтыктарына макул эместигин билдирип, добуштарды кол санактан өткөрүүнү талап кылышты. Алардын айтымында, алардын добуштары жоголуп кеткен.

Ал эми Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, БШКнын негизги системасында эч кандай мүчүлүштүктөр жок экенин айтып, сайттагы маалыматтар туура экенин кошумчалаган.

«Оң жагында АСУнун эсептөөсү боюнча маалымат кетет, сол жагында — шайлоонун жыйынтыгы ыңгайлуу көрүнүшү үчүн жөн гана таблица турат. Мына ошол таблицабызда кичинекей бир формула туура эмес жазылып калган. Ошондуктанда ал маалыматтарды негизги таблицадан алып, аны туура эмес көрсөтүп койгон — 2 позицияны кошуп салган, алар кошулбашы керек эле. Ал дароо эле байкалган. Болгону чагылдырып көрсөтүү программасы туура эмес», — деп түшүндүргөн БШКнын төрайымы.

Ал арада «Ата Мекен», «Реформа», «Социал-демократтар», «Азаттык» жана «Улуттар биримдиги» партиялары шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын билдиришти. Алар шайлоо бурмалоо жана көз боёмочулук менен өттү деп эсептешет. Атап айтканда, партия лидерлери бийлик айрым партиялардын 40 миңден 70 миңге чейинки добушун тартып алды деп билдиришти.

ТЕМА БОЮНЧА:

Хакердик чабуул, саботаж. Бийлик БШКнын сайтындагы үзгүлтүктү түшүндүрө албай убара

«Кудайдан корккула!» Садыр Жапаров БШКнын сайтындагы үзгүлтүк боюнча кайрылуу жасады

Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы. «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак» алдыда