БШКнын алдындагы митинг: Шайлдабекова сайттагы ката үчүн кечирим сурады

Нуржан Шайлдабекова. Скрин «Азаттыктын» түз эфиринен алдынды

Парламенттик шайлоо өтүп жатканда Боршайкомдун сайтындагы мүчүлүштүктөрдөн улам нааразы болгондор БШКнын имаратынын алдына чогулду. Ведомствонун төрайымы Нуржан Шайлдабекова митингге чогулгандардын алдында сөз сүйлөп, БШКнын сайтында жыйынтыктарды көрсөткөн таблицадагы ката үчүн кечирим сурады.

«Биздин АСУда колдонулуп жаткан технология так иштейт, буга мен кепилдик берем. Азыркы учурда биздин система так иштеп жатат. Ошондой эле, бул алдын ала маалыматтар деп эсептелет жана [азырынча] “юридикалык күчкө ээ эмес” деген мыйзамда норма бар. Шайлоонун натыйжалары — ар бир участка, ар бир округ жана республика боюнча кол менен саноонун жыйынтыгы менен чыгарылат», — деди Шайлдабекова.

Шайлдабекова учурда өлкө боюнча шайлоо участокторунан протоколдор келип жатканын кошумчалап, эгерде нааразычылыктар болсо аймактык шайлоо комиссияларына даттанууга чакырды. Ошондой эле, ал нааразы болгон партия өкүлдөрүн толук маалымат алуу үчүн БШКнын ичине чакырды.

Бирок чогулгандар анын сөзүн бөлүп, «Кетсин!» деп кыйкыра башташты. Мындан улам Боршайкомдун мүчөлөрү имараттын ичине кирип кетишти.

28-ноябрда өлкөдө парламенттик шайлоо өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча, Жогорку Кеңештин 90 мандатынын 54тү алты партияга тиет, алар: «Ата-Журт Кыргызстан», «Ишеним», «Ынтымак», «Альянс», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ыйман Нуру».

Анткен менен, БШКнын алгачкы маалыматында Жогорку Кеңешке өткөн партиялардын саны 10ду түзгөн болчу. Ошол эле учурда бул маалыматтар боюнча партиялар тарабынан алынган добуштардын пайызы 150гө жетип жаткан, ал эми жеңген партиялардын пайызы — 130%дан ашкан. БШК айрым убакытка маалыматтарды өчүрүп, жаңыларын жарыялап, бирок ал да туура болбой жатат.

Ал эми Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, БШКнын негизги системасында эч кандай мүчүлүштүктөр жок экенин айтып, сайттагы маалыматтар туура экенин кошумчалаган.

«Оң жагында АСУнун эсептөөсү боюнча маалымат кетет, сол жагында — шайлоонун жыйынтыгы ыңгайлуу көрүнүшү үчүн жөн гана таблица турат. Мына ошол таблицабызда кичинекей бир формула туура эмес жазылып калган. Ошондуктанда ал маалыматтарды негизги таблицадан алып, аны туура эмес көрсөтүп койгон — 2 позицияны кошуп салган, алар кошулбашы керек эле. Ал дароо эле байкалган. Болгону чагылдырып көрсөтүү программасы туура эмес», — деп түшүндүргөн БШКнын төрайымы.

Ал арада «Ата Мекен», «Реформа», «Социал-демократтар», «Азаттык» жана «Улуттар биримдиги» партиялары шайлоонун жыйынтыктарын тааныбай турганын билдиришти. Алар шайлоо бурмалоо жана көз боёмочулук менен өттү деп эсептешет. Атап айтканда, партия лидерлери бийлик айрым партиялардын 40 миңден 70 миңге чейинки добушун тартып алды деп билдиришти.