Өмүрбек Текебаевге кол салуу учурунда тартылган видео тарады

Соцтармактарда 1-декабрда Бишкектеги «Парк отель» мейманканасынын алдында «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу учурунда тартылган видео жарыяланды.

Анда мейманкананын алдында ондогон беткапчан киши саясатчыны ортого алып, түрткүлөп жатканын көрүүгө болот. Айрымдары беткапчандарга кайрылып «тийбегиле, урбагыла» деп айтканы угулат. Ал эми Текебаев кимдир бирөөгө «тарткыла» деп кайрылган.

Кол салуудан кийин Текебаев «Жалбырак» телеканалы аркылуу түз эфирге чыгып, окуянын чоо жайын айтып берген. Анда саясатчынын бети көгөрүп, эриндери кан болгонун көрүүгө болот.

Текебаевге кол салуу

«Ата Мекендин» лидеринин айтымында, ага кол салган кишилер аны кичи автобуска салып алып кетүүгө аракет кылган.

«Башка жакка алып барып сүйлөшөбүз дешти. Ал арада адамдар көбөйүп, айрымдары телефонго тарта баштады. Ошондо гана таанылып калбайлы деп ойлоштубу, менин жана ошол жакта чогулгандардын баарынын телефондорун чогултуп кетишти», — дейт ал.

Текебаев кол салууга аракет кылгандар атайы уюштурулуп, маршруткалар менен келген, «шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместерди коркутканы чыккан» деп эсептейт.

«Бизге бандиттик башкаруу келип олтурат. Тоого уурдап чыгып кетмей, өлтүрүп көмүп коймой. Шайлоо бүтө электе эле жаңы башкаруу формасынын жүзүп көрүп олтурабыз. Алар [кол салгандар] бүгүнкү бийликти колдойт экен, эмнеге шайлоого нааразы болуп жатасыз дешти», — дейт ал.

Ошону менен катар, атмекенчилердин лидери бул окуяны саясий ишмердүүлүгү менен түздөн-түз байланыштуу деп эсептейт.

«Бул чыныгы саясий кол салуу, саясий террордун башталышы. Менден баштаса [коркутууну] башкалар андан бетер коркуп калат деп ойлошту. Эмнеге силер шайлоонун жыйынтыгына нааразы болосуңар деп ачык айтышты», — деди Өмүрбек Текебаев.

Аны менен катар, саясатчы бийлик кол салууга аракет кылгандарды тез арада таап, жазалашы керек деп билдирди. Анын айтымында, шаар ичиндеги камералар аркылуу ондогон адам кайсы жерден жолукту, аларды ким ташып келгенин аныктоо оңой эле болот.

«БШК бийликтин бир абийирин төксө, шайлоого чекит коёбуз деп келип бандиттер экинчи жолу төктү. Ушуларды камабаса шайлоо адилеттүү өттү дегенге эч ким ишенбейт», — деп сөзүн жыйынтыктады Текебаев.