УКМК жана ИИМден башка бардык министрлердин орун басарлары кыскарат

Президент Садыр Жапаров 3-декабрда «Республикалык бюджеттин чыгашаларын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануусунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Өз жарлыгы менен президент минкабга 2022-жылдын 1-мартына чейин министрлердин, министрлердин, административдик ведомстволордун жетекчилеринин, акимдердин жана айыл өкмөттөрүнүн орун басарларынын штаттык кызмат орундарын «зарыл минимумга чейин» кыскартуу тапшырмасын берди.

Кызыгы, кыскартуу УКМК менен ИИМдин башчыларынын орун басарларына тиешелүү болбойт.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин 6 орун басары бар:

  • Рустам Мамасадыков — биринчи орун басар;
  • Бекбосун Апсатаров — жөн гана орун басар;
  • Абдыкадыр Разаев — УКМКнын киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча Координациялык борбордун директору;
  • Жумгалбек Шабданбеков — УКМКнын 9-кызматынын башчысы;
  • Айбек Шаменов — Терроризмге каршы күрөшүү борборунун директору;
  • Шаршеев Уларбек Зарлыкович — Чек ара кызматынын директору.

Ички иштер министри Улан Ниязбековдун 4 орун басары бар:

  • Адылбек Бийбосунов — ички иштер министринин биринчи орун басары;
  • Нурбек Абдиев;
  • Октябрь Урмамбетов;
  • Эркебек Аширходжаев.

Тема боюнча:

Жапаров депутаттарды камсыздоо чыгымдарын кыскартып, алардын маянасын азайтты