Президенттин жана парламенттин иш башкармалыктары бириктирилди

Садыр Жапаров президенттин жана Жогорку Кеңештин иш башкармалыктарын бириктирди. Бул тууралуу 1-декабрда президенттин администрациясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматта Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону өркүндөтүү жөнүндө» жарлыкка кол койгону белгиленет.

«Жарлык мамлекеттик бийлик органдарынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоо системасын оптималдаштыруу жана өркүндөтүү максатында жарыяланды», — деп белгиледи басма сөз кызмат.

Жарлыкка ылайык, эми Президенттин гана иш башкармалыгы болот. Бул орган президенттин, Жогорку Кеңештин, Министрлер кабинетинин, президенттин администрациясынын жана Жогорку Кеңештин аппаратынын ишин материалдык-техникалык жана финансылык камсыздоону жүзөгө ашырат.