Жапаров Текебаевге кол салуу боюнча: Бийлик андайга барбайт, ал жөнөкөй балдар болуп чыкты

Президент Садыр Жапаров «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге болгон кол салуу тууралуу оюн айтты. Аryba.kg басылмасына курган маегинде, буга бийликтин катыштыгы жок деп билдирди. Президенттин басма сөз кызматы «Клоопко» Жапаров аталган басылмага чындап эле маек курганын тастыктады.

Жапаров БШКдагы ызы-чуу басылбай жатса, ага «дагы бир көйгөйдүн эмне кереги бар эле» деп белгиледи.

«Андан сырткары, бүткүл дүйнөлүк коомчулук ушул убакта биздин ар бир кыймыл аракетибизге байкоо салып турат. Анан ушундай иш жасап, жапайычылыкка барыш үчүн эси жок адам болушуң керек. Кудай сактасын, ар бир ишти жети өлчөп, бир кескен адамдарданбыз», — деди ал.

Анын айтымында, Текебаевге кол салгандар — «жөнөкөй эле карапайым балдар».

«Көп өтпөй [Текебаевге] муштаган бала кармалды. Ал камакка алынды. Текебаевдин телефону кайтарылды. [Кармалгандар] суракта Текебаевге жөн гана жини келип “сен тажаттың” деп митингден кубалаганга келишкенин айтып көрсөтмө берип жатышат. Биз башында [окуя болор замат] Текебаев өзү атайын уюштурган жокпу? деп ойлогонбуз… Текебаев болсо, бул “бийликтин заказы” деп чыкты. Бирок эки жактын тең тиешеси жок. Болгону жек көрүүдөн улам [Текебаевди] “митингден кубалайбыз” деп келген тентектер болуп чыкты»,— деп билдирди президент.

Өмүрбек Текебаевге кол салуу жана Урмат Самаев

«Ата Мекен» партиясынын лидери, талапкер Өмүрбек Текебаевге 1-декабрда Бишкектеги «Парк отель» мейманканасынын алдында кол салышкан. Саясатчынын айтымында, ага кол салган кишилер аны кичи автобуска салып алып кетүүгө аракет кылган.

Текебаев өзү окуяны «саясий террор» деп атаган жана белгисиз кишилер «шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместерди коркутканы чыккан» деген пикирде.

Ал эми соцтармактарда Текебаевге кол салуу учурунда тартылган тасма жарыяланган. Анда мейманкананын алдында ондогон беткапчан киши саясатчыны ортого алып, түрткүлөп жатканын көрүүгө болот. Айрымдары беткапчандарга кайрылып «тийбегиле, урбагыла» деп айтканы угулат.

Окуядан кийин Текебаевдин тарапташтары УКМКнын имаратынын алдына чогулушуп, «Ата Мекендин» лидерине кол салган кишилерди табууну талап кылышкан.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Текебаевге кол салуу боюнча маалымат өлкө башчы Садыр Жапаровго жеткенин билдирген. Анын айтымында, Жапаров ИИМге бул окуяны «тыкыр иликтөөнү» тапшырган.

Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев дагы комментарий берип, саясатчыга эч ким кол салбаганын, ал кимдир бирөөлөр менен урушуп кеткен деп билдирген.

Бишкектин Биринчи май РИИБси «Тоноо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, шектүүлөрдүн бирин кармаган. Милициянын маалыматына ылайык, шектүү Текебаевге таандык телефонду өз ыктыяры менен кайтарып берген.

1-декабрда социалдык тармактарда Токмок шаарынын 100дөй тургунунун видео кайрылуусу тараган. Анда үчүнчү күчтөр жана утулган партиялар митинг уюштуруп, элди тажатып жатканы айтылган.

Ал эми «ПолитКлиника» басылмасы «Ата Мекендин» лидери Өмүрбек Текебаевге кол салгандардын арасында видеодогу адамдар да бар экенин аныктады. Ошондой эле журналисттер кол салгандар менен Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин байланышын таап чыгышкан.

Ал эми Токмок шаарынын мэри Урмат Самаев Kaktus.media басылмасына кармалган Ыбыш Эшбаевди тааный турагнын тастыктаган. Анткен менен Эшбаев «анын айдоочусу жана өкүл баласы» деп тараган маалыматты чындыкка дал келбейт деп атаган. Ошол эле учурда шектүүнү Чүй менен Токмоктун жашоочуларынын 70-80%ы билет деп белгилеген.

Тема боюнча:

Камчыбек Ташиев: Текебаевге кол салынган эмес, ал кимдир бирөөлөр менен урушуп кеткен

Текебаевге кол салуу. Президент Жапаров ИИМге ишти тыкыр иликтөөнү тапшырды

ПолитКлиника: Текебаевге кол салгандардын Урмат Самаев менен байланышы аныкталды