Текебаевге кол салуу. Президент Жапаров ИИМге ишти тыкыр иликтөөнү тапшырды

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу боюнча маалымат өлкө башчысына жеткирилгенин кабарлады.

«Мамлекет башчысы өлкөнүн Ички иштер министрлигине бул факты боюнча бардык жагдайларды иликтеп чыгууну, Өмүрбек Текебаевге карата орун алган аракеттерди жасаган адамдарды аныктоо максатында тыкыр ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүнү жана тиешелүү чараларды көрүүнү тапшырды», — деп Фейсбук барагына жазды Султанбаев.

Анын айтымында, айрым күчтөр болгон окуяны өз максаттарына колдонууга аракет кылып жатканын жокко чыгарууга болбойт.

Ошондой эле, Султанбаев ар бир жаран макамына жана ээлеген абалына карабастан укук коргоо органдарынан өз укуктарын жана эркиндигин коргоону талап кылууга акысы бар экенин эскертти.

Текебаевге кол салуу

Бишкектеги «Парк отель» мейманканасында 1-декабрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу аракети болду. Анын айтымында, ондогон беткап кийген адам саясатчыны кичи автобуска салып алып кетүүгө аракет кылган.

Кол салуудан кийин Текебаев «Жалбырак» телеканалы аркылуу түз эфирге чыгып, окуянын чоо жайын айтып берген. Анда саясатчынын бети көгөрүп, эриндери кан болгонун көрүүгө болот.

«Башка жакка алып барып сүйлөшөбүз дешти. Ал арада адамдар көбөйүп, айрымдары телефонго тарта баштады. Ошондо гана таанылып калбайлы деп ойлоштубу, менин жана ошол жакта чогулгандардын баарынын телефондорун чогултуп кетишти», — дейт ал.

Текебаев кол салууга аракет кылгандар атайы уюштурулуп, маршруткалар менен келген, «шайлоонун жыйынтыгы менен макул эместерди коркутканы чыккан» деп эсептейт.

«Бизге бандиттик башкаруу келип олтурат. Тоого уурдап чыгып кетмей, өлтүрүп көмүп коймой. Шайлоо бүтө электе эле жаңы башкаруу формасынын жүзүп көрүп олтурабыз. Алар [кол салгандар] бүгүнкү бийликти колдойт экен, эмнеге шайлоого нааразы болуп жатасыз дешти», — дейт ал.

Ошону менен катар, атмекенчилердин лидери бул окуяны саясий ишмердүүлүгү менен түздөн-түз байланыштуу деп эсептейт.

«Бул чыныгы саясий кол салуу, саясий террордун башталышы. Менден баштаса [коркутууну] башкалар андан бетер коркуп калат деп ойлошту. Эмнеге силер шайлоонун жыйынтыгына нааразы болосуңар деп ачык айтышты», — деди Өмүрбек Текебаев.

Аны менен катар, саясатчы бийлик кол салууга аракет кылгандарды тез арада таап, жазалашы керек деп билдирди. Анын айтымында, шаар ичиндеги камералар аркылуу ондогон адам кайсы жерден жолукту, аларды ким ташып келгенин аныктоо оңой эле болот.

«БШК бийликтин бир абийирин төксө, шайлоого чекит коёбуз деп келип бандиттер экинчи жолу төктү. Ушуларды камабаса шайлоо адилеттүү өттү дегенге эч ким ишенбейт», — деп сөзүн жыйынтыктады Текебаев.