Кол санак дээрлик аяктады, алдын ала жыйынтык боюнча парламентке алты партия өттү

Борбордук шайлоо комиссиясы 5-декабрга карата добуштардын 99,96%ын кол менен санап бүттү. Алдын ала жыйынтыкка ылайык, Жогорку Кеңешке 6 саясий партия өттү.

«Ата Журт Кыргызстан» партиясы шайлоочулардын эң көп добушун алды. Андан кийин «Ишеним» жана «Ынтымак» партиялары болду. Булар 10% өйдө добуш алышты.

Ошондой эле, 5% босогодон «Альянс», «Бүтүн Кыргызстан» жана «Ыйман Нуру» партиялары өтүштү.

Учурда ОШКлар округдагы шайлоонун жыйынтыктарын чыгарып жатышат. Участкаларда добуштарды кол менен эсептөө аяктады. БШКдан ар бир участка боюнча протоколдогу маалыматтар системага кол менен киргизилип жатканын кошумчалашты.

БШКнын сайтындагы үзгүлтүк

28-ноябрда добуш берүү аяктагандан кийин, 80%дан ашык автоматташтырылган үкөктөрдүн жыйынтыгы сайтка чыкканда Боршайкомдун сайтындагы база убактылуу иштебей калган.

Ага чейин БШКнын сайтындагы маалыматтарда кандайдыр мүчүлүштүк бар экени түшүнүктүү болгон. Алгачкы маалыматтар жарыялангандан кийин партиялар тарабынан алынган добуштардын пайызы 150гө жетип жаткан, ал эми жеңген партиялардын пайызы — 130%дан ашкан.

БШК бир аз убакытка маалыматтарды өчүрүп, жаңыларын жарыялаган, бирок ал жакта дагы система жаңылыштык болгон. Мисалы, бир мандаттуу округдар боюнча добуш бергендердин саны БШК көрсөткөн добуш бергендердин санынан 2000 адамга айырмаланат.

БШК шайлоо күнү сайттагы маалыматтардын туура эмес көрсөтүлүшүн таблицадагы формуланын ката жазылып калганы менен түшүндүргөн. 29-ноябрда Шайлдабекова БШКнын имаратына нааразы болуп чогулган жарандардан катачылык үчүн кечирим сураган.

Шайлоодо жеңилип калган партиялар жана саясатчылар БШКга ишенбөөчүлүк көрсөткөн. Алардын айтымында, формулада ката болсо, проценттер өзгөрмөк, бирок добуштардын саны дагы өзгөрүп кеткен. Алар колсанактын жыйынтыгынан дагы күмөн санап жатканын билдиришкен.

Кийин 2- декабрда Боршайком АСУ менен колсанактын жыйынтыгын салыштыруу үчүн көз карандысыз топ түзүү чечимин кабыл алган. Бул топко парламенттик шайлоого катышкан партиялардын өкүлдөрү кире алат.

Мындан сырткары, президент Садыр Жапаров « президент эгер шайлоодо бурмалоо болгону тастыкталса, анда кызматтан кетүүгө даяр экенин» билдирди.