Чүй: 20 жаштагы кызды Токтогулга «ала качкан» бала менен аял бир жылга шарттуу кесилди

Кызды уурдаган 23 жаштагы жаран. Сүрөт: Чүй облустук ЖКККББнын басма сөз кызматы

Чүй облусунун Сокулук райондук соту 20 жаштагы кызды «ала качкан» эки айыпталуучуну бир жылга шартуу эркинен ажыратты. Буга жабырлануучу кыздын айыпталуучуларга карата «доосу жок болгону» негиз болду.

Кылмыш үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрында болгон. Анда «А.К.С.» аттуу аял жана анын 23 жаштагы жээни «О.Б. уулу» жабырлануучунун «Ак-Ордо-3» жаңы конушундагы үйүнө барып, аны «Ауди» үлгүсүндөгү унаага мажбурлап салып кетишкен. Айыпталуучулардын бири 20 жаштагы кызга үйлөнүү үчүн аны Жалал-Абаддын Токтогул районуна уурдап кетүүнү көздөгөн.

Ал эми унаа Төө-Ашууга жеткенде кыздын апасы айыпталуучуларга чалып, кызын «кайра алып келип бергиле» деп талап койгон. Көп өтпөй «Аудини» Чүй облусунун ЖКККБсынын кызматкерлери «Сосновка» постунда тосушкан.

Сокулук РИИБси «Адамды никеге мажбурлап тургузуу максатында уурдоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштаган. Ал эми кылмышка шектүүлөр үй камагына чыгарылган.

Соттук отурумда айыпталуучулар күнөөнү жарым-жартылай мойнуна алышып, жабырлануучу кызга карата «күч колдонушпаганын» айтышкан.

Ал эми кыз өз көрсөтмөсүндө кылмышка айыпталган аял менен мурда тигүүчү цехте иштегенин, ал күнү айыпталуучулар аны унаага алдап салганын айтып берген. Жабырлануучу ошондой эле аял анын телефонун алып койгонун, «жигити бар экенин айтканына карабастан» ала качышканын белгилеген. Анткен менен ал соттук отурумда уурдап кеткендерди «кечиргенин» билдирген.

Сокулук райондук соту айыпталуучуларды күнөөлүү деп таап, аларды 5 жылга кести. Ошол эле учурда сот тараптар жарашканын эске алып айыпталуучуларга бир жылга пробациялык көзөмөл колдонулсун деген чечим чыгарды.

*Пробациялык көзөмөл анча оор эмес кылмыштарга соттолгон адамдарга карата колдонулат. Пробацияга алынган киши эркинен ажыратылбай, укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө болот. Эгерде соттолуучу пробациялык көзөмөлдүн шарттарын бузса, ал түзөтүү колонияга которулат.

ИИМдин маалыматына ылайык, 2021-жылдын тогуз айында 187 «ала качуу» фактысы катталып, анын 177си «кылмыштын курамы жоктугуна» байланыштуу кыскартылган. Катталган фактылардын сегизи гана сотко өткөрүлгөн.

Бирок «Адамды никеге туруу максатында уурдоо» беренесинде кылмышкерлерге каттуу жаза каралганы менен көбүнчө алар шарттуу түрдө эркинен ажыратылат же толугу менен акталат.

«Клооп» жана «Азаттыктын» журналисттери «ала качуу» боюнча акыркы беш жылдагы соттук процесстерди изилдеп, иштер дээрлик сотко жетпей кыскартыларын аныкташкан. Эскперттер буга милиция менен прокуратуранын өз ишин мыйзам чегинде аткарбаганы себеп дешкен.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт. Сот иштеринин анализи

«Жашоону сүйчү». Айзаданы курбулары менен туугандары эскеришти

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?