Чүй: Мажбурлап никеге туруу үчүн уурдалган кыз куткарылып, шектүү кармалды

23-сентябрда Чүй облусунун жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын кызматкерлери мажбурлап никеге туруу үчүн уурдалган 20 жаштагы кызды куткарып калышты. Бул тууралуу «Клоопко» башкармалыктын басма сөз катчысы Темирлан Мирсадык уулу билдирди.

Анын айымында, түнкү саат үчтөр чамасында белгисиз адам 2001-жылы төрөлгөн кызды «Ак-Ордо-3» жаңы конушунан уурдап, «Ауди» үлгүсүндөгү унаа менен белгисиз тарапка алып кеткен. Бул тууралуу эртең мененки саат алтыда Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын өздүк курамына багыттама берилген.

Кармоо планынын негизинде, кызды ала качкан жаран таңкы саат 7:30да «Сосновка» стационардык постунда токтотулган.

«Токтогон унаада жаш жигит менен кыз болгон. Кызды мажбурлап никеге тургузуу үчүн Токтогул районуна алып бара жатканы аныкталды», — деп жазылат Чүй ОИББдин билдирүүсүндө.

Кызды уурдаган 23 жаштагы жаран Сокулук районунун тергөө кызматына жеткирилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Кыргызстандагы кыз уурдоо

Арт: Татьяна Зеленская

Кыргызстанда 2013-жылы кыздарды мажбурлап никеге тургузуу үчүн ала качкандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Мындай кылмыш үчүн 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Жашы жете электерди ала качкандар 7,5 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратылып, 200 миң сом айып төлөшү керек.

Кыргыз бийлиги кыз-келиндерди уурдагандарга жазаны 2019-жылы күчөткөн. Аталган берене боюнча кылмышкерди 10 жылга чейин камоо каралган.

Муну менен уурдоо азаят деп күтүлгөн. Иш жүзүндө андай болгон жок, уурдоо фактыларды мурдагыдай эле санда катталып, сотко жеткен иштердин саны эки эсе азайган.

Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде 27 жаштагы Айзада Канатбекова никеге мажбурлап тургузуу үчүн уурдалган. Уурдаган киши алгач кызды зордуктап, андан соң өлтүргөн. Канатбекованы уурдоого айыпталган беш адам күнөөлүү деп табылып, 6,5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылган.

Айзада Канатбекованы уурдоо. Сүрөт: Байкоочу камерадан скриншот.

Айзаданын өлүмү коомчулукта нааразычылык жараткан. Бийликке сын айтылып жаткан маалда башкы прокурор Курманкул Зулушев кыздарды никеге турууга мажбурлоо үчүн уурдоо жазасы катаалдашаарын билдирген.

Өлүм менен аяктаган ала качуу өлкөдө үч жыл мурун катталган — анда 19 жаштагы Бурулай Турдалы кызынын өмүрү кыйылган. Анын өлүмүнө мажбурлап никеге тургузууну каалаган Марс Бөдөшөв күнөөлүү деп табылган. Ал соттун чечими менен 20 жылга кесилген.

Статистикага ылайык, Кыргызстандагы ар бир 17-кыз эркине каршы ала качылган.

Тема боюнча:

Кыргызстанда ала качууга каршы берене дээрлик иштебейт. Сот иштеринин анализи

«Врач болгусу келген Бурулай». Ала качууга дуушар болгон кыз кантип бычакталып каза тапты?