COVID-19: Акыркы суткада эки адам каза болуп, жуктуруунун 34 жаңы учуру катталды

Акыркы суткада Кыргызстанда коронавирус жуктурган эки адам каза болду. 49 бейтап оорудан айыгып чыкты. Ал эми  COVID-19 жуктуруунун 34 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирди.

Оору жуктургандардын көпчүлүгү Бишкекте — 26. Ысык-Көл облусунда беш, Баткенде эки, ал эми Ош шаарында бир адамга илдет жукту.

Кыргызстанда COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетке чалдыккан бейтаптардын жалпы саны 183 649га адамга жетти. Ал эми өлкө боюнча 178 651 киши оорудан айыкты. Пандемия башталгандан бери коронавирус жуктурган 2 760 киши көз жумду.

Учурда ооруканаларда 373 бейтап, ал эми үй шартында 382 адам дарыланып жатат.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 6-декабрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасын 513 адам, ал эми экинчи дозасын 340 киши алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.