Ош мэриясы Жаңы жылды белгилөө үчүн 3,2 млн сом жумшайт. Тендерди ким утту?

Ош шаарынын борбордук аянты, архивдик сүрөт. Автору: Айбике Адилет кызы

Ош шаардык мэриясы Жаңы жыл майрамын белгилөө үчүн 3 млн 243 миң 510 сом коротот. Бул тууралуу мэриянын мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыялаган тендеринде белгилүү болду.

Мэриянын басма сөз катчысы Азамат Жээнбековдун айтымында, бул каражат балатыны жасалгалоого, быйыл жолборс жылы болгондуктан аянтка үч метрлик жолборс орнотууга, мэрдин балаты майрамын өткөрүүгө, балдарга белектерди алууга, көчөлөрдү, аянтты жасалгалоого жана фейерверктерди сатып алууга жумшалат.

Ал арада Бишкек мэриясы калаадагы смогго байланыштуу Жаңы жылга карата майрамдык салюттан баш тартты. Ошол эле маалда ыш кышында Ош шаарын да каптайт.

Тендерди ким утту?

Ош мэриясына караштуу муниципалдык менчик башкармалыгы аталган иш-чараларды өткөрүүгө 23-ноябрда эле тендер жарыялап, ага 3 млн 255 миң 310 сом коротууну пландаган. Бирок жеке ишкер Динара Кадырова 11 800 сомго аз сумманы — 3 млн 243 миң 510 сом — сунуштап, 25-ноябрда тендерди утуп алган. Келишим түздөн-түз түзүлгөн, конкурска Кадыровадан бөлөк эч ким катышкан эмес.

Кадырова тууралуу ачык булактардан маалымат таба алган жокпуз. Бирок мамлекеттик сатып алуулар порталынан, аял Ош мэриясына караштуу муниципалдык менчик башкармалыгы жана башка мекемелер жарыялаган тендерлерди да утуп жүргөнүн көрүүгө болот.

Мисалы жакында эле 5-октябрь шаар күнүн белгилөө үчүн аятты жасалгалоо боюнча тендерди да Кадырова уткан. Анын баасы 449 миң 215 миң сомду түзгөн.

Ал эми андан мурда Нооруз майрамын белгилөө үчүн аянттын жасалгасына жарыяланган тендерди да Кадырова уткан. Анда мэрия жасалга үчүн 650 миң сом коротууну пландаган, ал эми ишкер аял 571 миң 460 сом сунуштаган.

Кызыгы, конкурс 23-мартка чейин уланып, келишим түздөн-түз түзүлмөй болгон. Бирок Нооруз майрамы 21-мартта белгиленген. Мыйзам боюнча тендер иш-чара өткөнгө чейин жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталышы керек.

Тендерди өткөргөн муниципалдык менчик башкармалыгынан «баары мыйзам чегинде өткөнүн» айтышты. Ал эми буга чейинки тендерлерди көбүнчө Кадырова утуп жүргөнүн «башка ишкерлер тендерге катышпаганы» менен негиздешти.

Алардын айтымында, Ошто аянтты жасалгалай турган үч гана ишкана бар, анын экөөсү тендерлерге катышуудан баш тартып келет.

«Мисалы тендерди уткандар Жаңы жыл майрамында балатыны орнотуп, ал алынганга чейин анын коопсуздугуна жоопкерчилик алышат. Анткени ошончо бийик балаты кулап түшпөшү керек, анын гирляндылар өрттөнүп кетпеши керек. Мындан улам ишкерлердин айрымдары “акчаны алган менен түйшүгү, жоопкерчилиги көп” деп ачык эле айтышат», — деп билдиришти башкармалыктан.

Ошондой эле мекемеден прокуратура жана Эсеп палатасы жасалгалоо боюнча тендерлерди бир гана Кадырова утуп жүргөнүнө «кызыгып тешкерүү жүргүзгөнүн, бирок мыйзам бузуу таба албаганын» кошумчалашты.

Ош мэриясынын шаан-шөкөттөрү, күмөн жараткан тендерлери

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов эгемендүүлүк күнүндө атылган салютка суктанып жаткан учуру.

Ош мэриясы былтыркы жылы да Жаңы жыл майрамын салтанаттуу өткөрүп ага 1 миллиондон ашык каражат сарптаган — балатыны жасалгалоо үчүн эле дээрлик 700 миң сом акча коротушкан. Ошол эле учурда Бишкек мэриясы концерттик иш-чараларды өткөргөн эмес, балатыны өткөн жылдагы жасалгалар менен кооздогон.

Ал эми быйыл эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын белгилөө үчүн калаа бийлиги 1 млн 989 миң сом жумшаган. Аталган каражатка бордордук аянтка баннер илинип, сахна жасалгаланган.

Ош мэриясы кайсы майрам болбосун шаан-шөкөт менен өткөрүп, ага жүз миңдеген акчаларды коротот. Ошол эле учурда мэрия жарыялаган тендерлерде шек жараткан учурлар болбойт койбойт.

Мисалы үстбүздөгү жылдын июнунда Ош мэриясы жаштардын инновациялык борборунун ачылыш аземине карата боорсок, самса жана пирог сатып алуу үчүн тендер жарыялаган.

Ага ылайык, иш-чаранын дасторконуна мэрия 312 миң сом коротмокчу болгон. Жыйынтыгында дасторкон даярдоого тендерди эң аз баа, 180 миң сом сунуштаган «Эр-Ас-компани» курулуш компаниясы утуп алган.

Бул сумманын жарымынан көбү — 100 миң сом боорсок сатып алууга жумшалмак болгон.

Анда Ош мэриясында 35 миң сомго гана тендер жарыяланганын, ал эми техникалык катадан нөл жана үтүрлөр кошулуп калган деп жүйөө айтышкан.

Кийинчерээк Башкы прокуратура салтанаттуу иш-чарага дасторкон даярдоо боюнча тендер өткөрүүдө Ош мэриясы тарабынан бир катар мыйзам бузуулар болгонун аныктап, тиешелүү кызматкерлер жоопко тартылганын билдирген.

Дасторконго боорсок коюлган эмес. Ош мэриясынын шек жараткан 312 миң сомдук тендери