Бир сүрөт менен: Бишкекте жаңы жылдык балаты орнотулду

Сүрөт: Бишкек шаардык мэриясы

Бишкектеги Ала-Тоо аянтында 10-декабрда Жаңы жыл майрамына карата балатыны жандыруу аземи өткөрүлдү. Иш-чарага Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев, вице-мэрлер жана муниципалдык кызматкерлер катышты.

Балаты декабрдын башында «Тазалык» жана «Бишкексвет» муниципалдык ишканалардын кызматкерлери тарабынан жасатылган. Ал эми борбордук бюджетти үнөмдөө максатында бул жылкы балаты былтыркы жасалгалар менен кооздолгон.

«25-метрлик балаты 1,5 километрдик светодиод гирлянда, 650 оюнчук, 100дөн ашуун кар кыйкымы жана улуттук оймолор менен кооздотулду», — деп берилет мэриянын билдирүүсүндө.

Буга чейин Түлөбаев Жаңы жыл күнү майрамдык иш-чаралар өткөрүлбөйт деп билдирген. Мындай чечим бюджетти үнөмдөө жана пандемиянын шартында оорунун жайылуусун алдын алуу максатында кабыл алынган.

Түлөбаевдин айтымында, майрамдык иш-чараларга 4 млн сомго чукул каражат керектелет. Калаа башчысы бул каражаттарды «башка пайдалуу нерселерге» жумшоо туура болоорун белгилеген.