100 миң сомдук боорсок-тендер. Ош мэриясынын кызматкерлери жоопко тартылды

Башкы прокуратура салтанаттуу иш-чарага дасторкон даярдоо боюнча тендер өткөрүүдө Ош мэриясы тарабынан бир катар мыйзам бузуулар болгонун аныктады. Бул тууралуу 24.kg көзөмөл органына таянып жазды.

Башкы прокуратура муниципалитет «Бухгалтердик эсеп», «Мамлекеттик сатып алуулар» жана «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат» жөнүндөгү мыйзамдарды бузганын белгиледи.

«Буга байланыштуу Ош шаарынын мэрине укуктук-ченемдик актыларды бузууну жоюу сунушталды. Жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы жана конкурстук комиссиянын мүчөлөрү дисциплинардык жоопкерчиликке тартылды», — деп билдиришти көзөмөл органынан.

Эмне болгон тендер?

Үстбүздөгү жылдын июнунда Ош мэриясы жаштардын инновациялык борборунун ачылыш аземине карата боорсок, самса жана пирог сатып алуу үчүн тендер жарыялаган.

Тендерге ылайык, иш-чаранын дасторконуна мэрия 312 миң сом коротмокчу болгон. Жыйынтыгында дасторкон даярдоого тендерди эң аз баа, 180 миң сом сунуштаган «Эр-Ас-компани» курулуш компаниясы утуп алган.

Бул сумманын жарымынан көбү — 100 миң сом боорсок сатып алууга жумшалмак болгон.

Ош мэриясында 35 миң сомго гана тендер жарыяланганын, ал эми анын баасы техникалык катадан улам, ал жерде ашыкча нөл жана үтүрлөр кошулуп калгандыктан көбөйүп кеткен деп айтышкан.

«35 миң сомго тендер берилген. Бирок порталга 350 миң сом деп кирип калган. Тендерге киргизип жатканда үтүр, нөл дегендери бар да. Ошол жерде бир эки нөлдөн ката кетип калган. Негизи кофе-брейкке бөлүнгөн акча уткан фирмага которула элек. Эми ал тендер кайра жокко чыгарылып, башынан өткөрөбүз», — деген Ош мэриясынын жаштар иштери боюнча комитетинин башчысы Иззатбек Берхмаматов.

ТЕМА БОЮНЧА: 

Дасторконго боорсок коюлган эмес. Ош мэриясынын шек жараткан 312 миң сомдук тендери