Сооронбай Жээнбеков эки жылда үй-бүлөсү менен 13,2 млн сом киреше тапкан

Мамлекеттик салык кызматы акыркы эки жылда биринчи жолу мамлекеттик кызматкерлердин, депутаттардын жана алардын жакындарынын декларацияларын жарыялады.

Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, 2019-жылы Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда 970 миң сом, туугандары — 4,8 млн сом киреше табышкан.

Сооронбай Жээнбеков.

Мындан тышкары, Жээнбеков жеке өзү айыл чарба багытындагы жалпы аянты 47,31 гектарды түзгөн 23 жер тилкесине жана аянты 160 чарчы метр үйгө ээлик кылат. Кымбат баалуу автоунаасы жок, а бирок МТЗ-80 үлгүсүндөгү трактору бар.

Ошондой эле, жакын туугандары «Лексус-470» үлгүсүндөгү автоунаага ээлик кылат, 7 млн сомдук бодо малы жана 640 миң сомдун тегерегиндеги жылкылары бар.

Мындан сырткары, Жээнбековдун үй-бүлөсүнүн 24,66 гектарды түзгөн 11 айыл чарба багытындагы жер тилкеси, өндүрүштүк имараттары жана аянты 64 чарчы метрди түзгөн батири бар.

Экс-президенттин декларациясында «Жакын туугандары» деген дагы бир бөлүм көрсөтүлгөн. Ал туугандары деле жарды эмес. Алардын наамына 600 чарчы метрди түзгөн үй участогу, 600 чарчы метр турак жай, дагы 1050 чарчы метрлик үй участогу, буга кошумча 292 миң сомдук компьютер жана тиричилик техникалары катталган. Алардын дагы 280 миң сомдук зер буюмдары бар.

Жээнбековдор мал жандыкка үй-бүлөсү менен жакын. Экс-президенттин жакындарынын бул туугандарынын дагы ири мүйүздүү малы бар. 2019-жылга карата алардын баасы 590 миң сомго бааланган.

Ал эми 2020-жылдын декларациясында Жээнбековдун жакындары жазылган экинчи бөлүм жок. Туугандарынын биринчи бөлүмдөгү гана маалыматтары көрсөтүлгөн.

Алар 2020-жылы бодо малдын башын бир нече эсе көбөйтө алышкан. Бодо мал 12 млн сомго, ал эми жылкылары 850 миң сомго жеткен. Жалпысынан 2020-жылы 6,5 млн сом киреше табышкан.

Ал эми Жээнбеков 2020-жылы тапкан кирешеси 944 миң сомду түзгөнүн көрсөткөн. Ал бардык мүлкүн сактап калган.