Акция, аарылар, килемдер. Асылбек Жээнбековдун декларациясында эмнелер бар?

Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун иниси жана алтынчы чакырылыштын депутаты Асылбек Жээнбеков 2019-2020-жылдарга карата декларациясын толтурду. Эки жылдын жыйынтыгында ал 4 736 675 сом киреше тапкан.

2019-жылы ал 2 616 977 сом иштеп тапкан. Кыймылсыз мүлк бөлүгүндө 1500 чарчы метр үйүн көрсөткөн, ошондой эле, 3500 жана 9700 чарчы метр курулуштары бар эки жер тилкесине ээ.

«Алтын-Көл» (Жээнбековдун 91% үлүшү менен), Г.К Айдаров жана «Бий-Мырза» (100% үлүшү менен) компаниялары ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген.

Саясатчынын 650 000 сомго бааланган жылкылары, 500 000 сомго бааланган ача туяктуу жана 950 000 сомго бааланган ири туяктуу малдары бар. Жээнбеков 550 000 миң сомго баалынган аарыларын дагы декларацияга киргизген.

Саясатчы декларациясында көрсөткөн мүлктүн тизмесинде фото, видео жана аудиотехника, эмерек, килем жана искусство бюмдарын көрсөтүлгөн. Мисалы, анын 150 000 сомдук искусство буюму бар, ал эми килемдери — 145 000 сом турат. Саясатчынын 210 000 сомго бааланган акциялары да бар.

Мындан тышкары, саясатчы 2019-жылга карата декларациясында жакын туугандарынын мүлктөрүн да белгилеген. Бул 350 000 сом киреше, үй, эки жер тилке — баарынын аянты көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле 480 000 сомдук килем жана зер буюмдары, 1 768 000 сомдук «Тойота Ландкрузер» унаасы көрсөтүлгөн.

2020-жылы Жээнбековдун кирешеси 2 119 698 сомго жеткен. Кыймылсыз мүлкү жана компаниялары мурдагы боюнча эле калган.

Жылкыларынын саны көбөйүп, баасы 1 250 000 сомго жеткен. Ача туяктуу, ири туяктуу малдардын жана аарылардын саны өзгөргөн эмес.

Жакын туугандары бөлүмү былтыркы декларациядагыдай эле толтурулган.

Асылбек Жээнбеков— төртүнчү, бешинчи жана алтынчы чакырылыштын депутаты. КСДП мурдагы президент Алмазбек Атамбаев менен анын мураскери Сооронбай Жээнбековдун чыр-чатагынан кийин бөлүнүп кеткенге чейин ал дайыма КСДПнын курамында болгон. 2020-жылдагы шайлоого президент менен байланышы бар делген «Биримдик» партиясынан талапкер болгон. Партия парламентке өткөн, бул шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгышына жана Сооронбай Жээнбековдун отставкага кетүүсүнүн себептеринин бири болгон.