Чолпон-Атада майнинг-ферма уюштурган электр тармактарынынын кызматкери кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ысык-Көл ОИИБдин кызматкерлери Чолпон-Ата шаардык электр тармактарынын жооптуу кызматкерин ири көлөмдө электр энергиясын уурдоого шектеп кармаганын билдирди.

Маалыматка ылайык, 45 жаштагы кызматкер криптовалюта өндүрүү үчүн майнинг-ферма* уюштурган.

*Майнинг — криптовалюта платформаларынын ишин камсыздоо үчүн жаңы түзүмдөрдү ачуу боюнча ишмердик. Кезектеги түзүмдүк бирдикти ачуу үчүн сыйакы каралган.

Атайын кызмат райондук соттун чечими менен Чолпон-Ата шаарындагы Ж.Акималиев №1 дарегинде жайгашкан шектүүнүн үйүн тинтүүгө алган. Анын негизинде майнинг-ферма табылып, ири көлөмдө электр энергиясы уурдалганы аныкталган.

УКМК шектүү көп жылдар бою Чолпон-Ата шаардык электр тармактарында иштеп, 2021-жылдын 8-декабрынан тартып аталган уюмда жетекчинин милдетин аткаруучу болуп дайындалганын белгиледи.

«Ал энергетика тармагында иштеп жатып, суунун аздыгынан улам республикада энергетикалык каатчылык болуп жатканына карабастан, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, электр энергиясын уурдап, энергетикалык коопсуздукка зыян келтирген», — деп жазылат билдирүүдө.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, келтирилген зыяндын өлчөмүн аныктоо иштери жүрүп жатат.

Үстүбүздөгү жылдын 27-июлунда УКМК Нарын облусунун тургуну үйүндө 118 майнинг-ферма орнотконун аныктаган. Ал «ишмердигинин бетин ачпоо үчүн» үн кирбегидей кылып жабдуулап, керектүү вентиляцияны киргизип алганы белгилүү болгон.

Атайын кызмат криптовалюта өндүрүүнү «Кыргызстандын электр тармактарына олутту зыян» келтирген ишмердик катары токтоткон.

Тема боюнча:

УКМК Нарында майнинг-ферманын ишин токтотту

Накталай төлөмдөр чектелип, криптовалюта жолго коюлат. Жапаровдун жарлыгы