УКМК Нарында майнинг-ферманын ишин токтотту

УКМК криптовалюта өндүргөн майнинг-фермалар менен күрөштү улантып жатат.

*Майнинг — криптовалюта платформаларынын ишин камсыздоо үчүн жаңы түзүмдөрдү ачуу боюнча ишмердик. Кезектеги түзүмдүк бирдикти ачуу үчүн сыйакы каралган.

УКМКнын маалыматына ылайык, Нарын облусунун тургуну үйүндө 118 «майнинг-ферма» орнотуп, «ишмердигин бетин ачпоо үчүн» үн кирбегидей кылып жабдуулап, керектүү вентиляцияны киргизип алган.

Атайын кызмат криптовалюта өндүрүүнү «Кыргызстандын электр тармактарына олутту зыян» келтирген ишмердик катары токтотту.

ТЕМА БОЮНЧА:

Накталай төлөмдөр чектелип, криптовалюта жолго коюлат. Жапаровдун жарлыгы

Ишкерлерге насыя, майнингди мыйзамдаштыруу, бюджетти толтуруу. Бороновдун программасы