Айыл чарба министрлиги техникалык кара куурай өстүрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат

Айыл чарба министрлиги өндүрүштө колдонуу үчүн өлкөдө техникалык кара куурай өстүрүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу парламенттин 9-декабрындагы жыйынында Жайыт жана асыл тукум мал чарба департаментинин директору Жаныбек Керималиев депутат Акылбек Кемеловдун суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Кемелов Керималиевге суроо узатып жатып, эгер кара куурай жапайы болбосо баңгилик таасири жок деп белгиледи.

«Биздин дыйкандар техникалык кура курайды айдап, пайда келтирүү жагын жакшы өздөштүрүп алса, жанагы картошка айдагандан көрө жана башка оор жумуштан көрө тигинден көп пайда табат эле деп активисттер айтып жатат», — деп белгиледи депутат.

Жайыт департаментинин директору техникалык кара куурайды өстүрүү маселеси 2020-жылдан бери көтөрүлүп келе жатканын билдирди. Ошондой эле ведомстово бул маселе боюнча жумушчу топ түзгөнүн жана ага ИИМ жана Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынан өкүлдөр киргенин кошумчалады.

Керималиев техникалык кара куурайдан адатта кийим тигилет жана дары дармектер жасалат деп кошумчалады.

Учурда «Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө» мыйзамдын 25-беренесине ылайык, Кыргызстандын аймагында кара куурайды жана курамында маңзат бар өсүмдүктөрдү өстүрүүгө тыюу салынган.