БШК бир мандаттуу округдардагы 166 талапкерге шайлоо күрөөсүн кайтарып берет

БШК. Сүрөт: Айдай Токоева / Клооп

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бир мандаттуу округдардын 5 пайыздык босогодон өткөн талапкерлерине шайлоо күрөөсүн кайтарып берет. Ошондой эле, шайлоо жокко чыгарылган округдардын талапкерлери дагы күрөөсүн алса болот. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Басма сөз кызматтын маалыматына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого бир мандаттуу округдардан жалпы 282 талапкер катышкан. Алардын ар бири Боршайкомдун депозиттик эсебине 100 миң сом өлчөмүндө шайлоо күрөсүн салган. Атайын эсептеги жалпы сумма 28 млн 200 миң сомду түзгөн.

Эки жүздөн ашык талапкердин ичинен 5%дык шайлоо босогосун 155 киши өткөн, ал эми 11 талапкер катышкан эки округда шайлоо өткөн жок деп таанылды.

«Мыйзамдын негизинде аныкталган мөөнөттө талапкерлердин жеке фондун түзүүдөгү бардык булактарды жана бардык сарпталган каражаттарды камтыган жыйынтыктоочу финансылык отчёт берилгенден кийин алардын ар бирине 100 миң шайлоо күрөөсү кайтарылат. Талапкерлерге кайтарыла турган шайлоо күрөөнүн жалпы суммасы 16 млн 600 миң сомдү түзөт», — деп билдирди БШК.

Боршайкомдон калган 11 млн 600 миң сом республикалык бюджетке которулат деп кошумчалашты.

Кыргызстандагы парламенттик шайлоо аралаш система менен өттү. 54 депутат партиялык тизме менен 36 эл өкүлү бир мандаттуу округдардан шайланып келди.

Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун расмий жыйынтыгын 18-декабрга чейин чыгарышы керек.

Тема боюнча окуңуз: Кол санак дээрлик аяктады, алдын ала жыйынтык боюнча парламентке алты партия өттү