Бишкекте үч унаа катышкан ири жол кырсыгы катталды, жабыркагандар бар

10-декабрда болжол менен саат 9:10 чамасында Бишкектин А.Токомбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде «Лексус», «БМВ» жана «Эстима» үлгүсүндөгү үч автоунаа катышкан ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы «Клоопко» билдирди.

Ал эми «Кабар» басылмасы кырсыктан бир адам каза таап, дагы бир нече жаран жабыр тартканын жазды. Алардын аты-жөнү такталууда.

Ушул тапта кырсык болгон жерде укук коргоо органдары жана тез жардам кызматы иштеп жатат.

Кыргызстанда 2021-жылдын башынан октябрь айына чейин катталган жол кырсыктарынан 587 киши каза тапкан. Жалпы 5 437 жол кырсыгы катталып, 8 298 киши жаракат алган. Былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 29,2%га өскөн. Ал эми андан жаракат алгандардын саны 31%га, каза тапкандар 15,3%га көбөйгөн.