Маммүлк фонду: Бакиевдердин үй-бүлөсүнүн мүлкүнүн бир бөлүгү маморгандарга өттү

Бозгун президент Курманбек Бакиевдин мүлкүнүн бир бөлүгү улутташтырылып, мамлекттик органдарга өткөрүлдү. Бул тууралуу 10-декабрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.

Онлайн-брифингдин жүрүшүндө андан коррупцияга каршы күрөштүн алкагында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна канча мүлк өткөнү тууралуу суроо берилди. Бирок Бакиров так санда айта албасын айтты.

«Мындай мүлк кылмыш иши козголгондон кийин юридикалык жана физикалык жактардан келип түшөт. Өткөрүлүп берилген мүлк, турак жай болсо, аны Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп беребиз, эгер андай болбосо, аукционго коюп же ошол эле багытта пайдалана алабыз», — деди ал.

Анын айтымында, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна мүлк көп адамдардан келип жатат. Ал кабарлагандай, буга чейин фондго Данияр Үсөновдун, Алексей Елесеевдин, ошондой эле Марат жана Жаныш Бакиевдердин мүлктөрү келип түшкөн.

«Марат Бакиевдин Жибек Жолу 519 дарегиндеги үйү 2018-жылы камакка алынган. Ошол эле жылы Маммүлк фондунун буйругу менен [үй] мамлекеттик менчикке чыгарылган, 2019-жылдагы буйрук менен Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берилген. Жаныш Бакиевдин — Кудайбергенова 23 көчөсүндөгү турак үйү Маммүлк фондунун 2017-жылдагы буйругу менен менчиктештирилип, кийин Интеллектуалдык жеке менчик мамлекеттик фондунун ыкчам башкаруусуна өткөрүп берилген. Менин билишимче ал жерде, учурда жаңы түзүлгөн “Шумкар” АКы жайгашкан», — деди Бакиров.

Буга чейин минкаб «“Шумкар” транс улуттук корпорациясы» ачык акционердик коомун түзгөн. Компания учкучсуз учуучу аппараттардын системасын өндүрөт. Анын негиздөөчүсү болуп Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду (ММБФ) эсептелет, уставдык капиталы 100 миң сомду түзөт.

Бакиевдердин кланы

Курманбек Бакиев — Кыргызстандын кулатылган экинчи бозгун президенти. Саясатчы кландык башкарууга, ал эми үй-бүлө мүчөлөрү атандааштары менен журналисттердин көзүн тазалоого жана рейдерликке айыпталган. 2010-жылдын 7-апрелинде нааразычылыкка чыккандарга карата курал колдонулуп, натыйжада Ак үй алдындагы аянтта 80ден ашуун адам курман болгон.

2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин Бакиев үй-бүлөсү менен Беларуска качкан. Ал жакка баргандан кийин алгач «Плавно» президенттик резиденциясында жашаган, андан кийин Минсктеги «Дрозды» элиталуу районго көчкөн.

Бакиевдер.

Кыргызстанда сот Курманбек Бакиевди сыртынан 30 жылга эркинен ажыраткан, ал анын 25 жылын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өткөрүшү керек. Кыргызстандын бийлиги аны өткөрүп берүүнү бир канча жолу сураган, бирок Белорусиянын президенти баш тартып келет.

Бакиевдин тун уулу Марат Беларустагы Раубичи деген элиталуу кыштакта жашайт. Ал эми экинчи баласы Максим Англиядагы Суррей графтыгында, беш млн долларлык хан сарайда жашайт. Кыргызстандын качкын президенттин иниси Жаныш Бакиев да Белоруста жашайт.

Бакиев менен чогуу качкан мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнөв дагы байманалуу жашайт. Ал Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясын (БУБК) жетектейт. «Кошт Ураданын» иликтөөсүнө ылайык, дал ушул компания аркылуу Беларустун мамбюджетинен акчалар чыгарылат.

Башкы сүрөт АКИпресс басылмасыныкы.

Тема боюнча:

BYPOL: Бакиевдер Лукашенконун калкалоосу үчүн 1,6 млн доллар пара берген