BYPOL: Бакиевдер Лукашенконун калкалоосу үчүн 1,6 млн доллар пара берген

Беларустун күч кызматкерлеринин биримдиги BYPOL 3-декабрда президент Александр Лукашенкого пара бергендер тууралуу иликтөө жарыялады.

Алардын маалыматы боюнча, пара бергендердин сап башында Айжан Кененбаева турат — бозгун президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевдин жубайы.

«Улгайып калган пара алгычка чоочун бирөөнүн аялы эмне үчүн ыраазы? Албетте, Бакиевдердин үй-бүлөсүн мекениндеги сот жообунан Беларуста жашырып жана калкалаганы үчүн да. Бишкектин расмий Минсктен кылмышкерлерди экстрадиция кылуу сурамдарына өзгөрүүсүз баш тартып келе жатканы үчүн да», — деп билдиришет күч түзүм биримдиги.

BYPOL «мына ушунун арты менен Лукашенконун унаа паркында бардык дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыккан белгилүү Mercedes-Maybach S600 Pullman Guard» унаасы пайда болгонун билдирди. Унаанын баасы — 1,4 млн евродон кем турбайт.

Лимузин Лукашенко. BYPOL’ley видеосунан скриншот

Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсүнүн бул парасы келини Айжан Кенебаева аркылуу берилгени айтылат.

BYPOL’дун маалыматы боюнча, мындай укмуштуу лимузин Владимир Путинде дагы жок.

«Mercedes-Maybach S600 Pullman Guard’дын мүнөздөмөсүндө анын чопкутун штурм винтовкасы аркылуу да тешүүгө мүмкүн эместиги, ал тургай 15 кг тротил да жардыра албасы өзгөчө таң калдырат», — деп билдиришти уюмдагылар.

Мындан сыткары, BYPOL Кененбаева аркылуу 2018-жылы чыккан 26 500 доллар турган Harley-Davidson мотоцикли да берилгенин маалымдады.

Лукашенконун мотоцикли. BYPOL’дун видеосунан скриншот

Бакиевдерди үй-бүлөсү берген паранын жалпы суммасы 1,6 млн доллардан кем эмес.

Максим Бакиев жана аялы Айжан Кененбаева. BYPOL’дун видеосунан скриншот

Беларустун мурдагы жана учурдагы күч түзүм кызматкерлеринин бирикмесинен белгилешкендей, бул дагы так сумма эмес, берилген паралардын суммасы эселеп көп болушу мүмкүн.

Алардын маалыматы боюнча, Лукашенко унаа-мото-транспорттук каражаттарды жана учактарды коллекция кылат.

BYPOL

BYPOL 2020-жылдын октябрында негизделген, ага Беларуста мыйзамдуулук жана укуктук тартипти калыбына келтиргиси келген күч түзүм кызматкерлери мүчө. Уюм Беларустагы репрессиялардын да бетин ачуунун үстүндө иштейт. BYPOL’дун мүчөлөрү минсктик Роман Бондаренконун көзүн тазалоого тиешеси бар адамдардын жүзүн ачышкан, ошондой эле алар митингге чыккандарды сабаган күч түзүмдөрүнүн, МКК, ИИМ, Тергөө комитети жана прокуратуранын тыңшоо уюштурушканын аныкташкан.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында Беларустун бийлиги BYPOL’ду «экстремисттик түзүм» деп таанып, ага карата тергөө амалдарын баштаган.

Бакиевдердин кланы

Курманбек Бакиев — Кыргызстандын кулатылган экинчи бозгун президенти. Саясатчы кландык башкарууга, ал эми үй-бүлө мүчөлөрү атандааштары менен журналисттердин көзүн тазалоого жана рейдерликке айыпталган. 2010-жылдын 7-апрелинде нааразычылыкка чыккандарга карата курал колдонулуп, натыйжада Ак үй алдындагы аянтта 80ден ашуун адам курман болгон.

Бакиевдер.

2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин Бакиев үй-бүлөсү менен Беларуска качкан. Ал жакка баргандан кийин алгач «Плавно» президенттик резиденциясында жашаган, андан кийин Минсктеги «Дрозды» элиталуу районго көчкөн.

Сот 2013-жылы Курманбек Бакиевди сыртынан 30 жылга эркинен ажыраткан, ал анын 25 жылын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өткөрүшү керек. Кыргызстандын бийлиги аны өткөрүп берүүнү бир канча жолу сураган, бирок Белорусиянын президенти баш тартып келет.

Бакиевдин тун уулу Марат Беларустагы Раубичи деген элиталуу кыштакта жашайт. Ал эми экинчи баласы Максим Англиядагы Суррей графтыгында, беш млн долларлык хан сарайда жашайт.

Бакиев менен чогуу качкан мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнөв дагы байманалуу жашайт. Ал Беларус улуттук биотехнологиялык корпорациясын (БУБК) жетектейт. «Кошт Ураданын» иликтөөсүнө ылайык, дал ушул компания аркылуу Беларустун мамбюджетинен акчалар чыгарылат.

Тема боюнча:

Белорус ЖМКсы: Бакиевдин Минсктеги жаңы үйүнүн көрүнүшү кандай?