Садыр Жапаров Адам укугун коргоо күнүндө кыргызстандыктарды биригүүгө чакырды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 10-декабрь адам укугун коргоонун эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду.

Анда өлкө башчысы акыркы жылы мамлекеттин жетекчилиги астында өлкөнү өнүктүрүү боюнча жаңы кадамдар кабыл алынганын, тургундардын экономикалык жана социалдык укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн ишенимдүү пайдубал түптөлгөнүн белгиледи.

«Жарандардын укуктарын орундатуу үчүн шарттарды түзүү, балдарды колдоо, үй-бүлөлүк бакубаттыкты түзүү, пенсия курагындагы жарандарга чыныгы кам көрүү бардык деңгээлдеги бийлик түзүлүштөрүнүн биринчи кезектеги милдети болуп калды», — деп билдирди Жапаров.

Президенттин айтымында, чыныгы укуктук коомду курууга багыт алган жолду жеңил деп айтууга болбойт. Андыктан экономикасы туруктуу жана социалдык саясаты өнүккөн мамлекетти курууга ар бир жаран күч жумшашы керек.

«Биз күч-аракеттерибизди бириктирип, Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана эркиндигин сактоо аркылуу гана абалды жакшы жагына өзгөртө алабыз деп ишенем», — дейт өлкө башчысы.

Ошондой эле, Жапаров динине, жынысына, улутуна, тилине, саясий көз караштарына карабастан, ар бир кыргызстандыктын укуктары менен эркиндигин камсыз кылуу жана коргоо Конституция менен кепилденгенин баса белгиледи. Демек, өлкөдөгү бардык бийлик бутактарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жалпы максаты укуктук мамлекетти андан ары өнүктүрүү деп эсептейт ал.

«Бардык кыргызстандыктарга чын ниетимден тынчтык, бейкуттук, ден соолук, бакубаттык жана эртеңкиге болгон ишенимди каалайм!» — деп кайрылуусун жыйынтыктады президент.

*1948-жылы 10-декабрда Парижде Бириккен улуттар уюму тарабынан Адам укугунун жалпы декларациясы кабыл алынган. Кыргызстан 1994-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктарынын жалпы декларациясына кошулган жана уюмдун алкагында адам укуктарына тиешелүү эл аралык бир нече келишимдерди ратификациялаган.