Түлеев: Атамдан калган эстелик деп «Караванды» кайра алдык, батирлер МИКке белекке берилет

Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу башкармалыгынын жетекчиси Канат Сагынбаев 8-декабрда шаардык муниципалитет Нариман Түлеевге 8 батирин кайтарып бере турганын билдирди. Анын айтымында, мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарган.

Вице-мэр Таалайбек Орозов билдиргендей, муниципалитетке Түлеевдин конфискацияланган сегиз батири өткөрүлгөн, бирок сот чечими жети батирге деп чыккан.

Түлеев өзү Фейсбук барагына батирлеринин бири балбан Айсулуу Тыныбековага белекке берилгенин, бирок сот чечими ылайык ал кайра кайтарып берилиши керектигин билдирген.

Ошондой эле, ал «буга чейин удаба кылгандай» эле бардык батирлерин Мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүп бере турганын кошумчалаган. Анын айтымында, «эл адамдардан батирлерди тартып алып жатат деп ойлобошу үчүн» тактык киргизүүнү каалайт.

Түлеев эмне деген?

Нариман Түлеев.

«Кайтарылып бериле турган мүлктүн ичинен биз атабыздан эстелик катары калган “Караван” соода борборун гана кайтарып алдык. Анын долбоору бизге мурас. Ал жерде каркасынан башка эч нерсе деле жок. Эскалаторлор иштебейт, траволаторлор бош, чатырынан суу тамат. Алгач биз аны бузуп жаңы “Караван” курабыз деп ойлогонбуз, бирок жүздөгөн адамдар көп убакыт жумушсуз калмак. Ошондуктан биз элди түшүнүп, ичин капиталдык оңдоодон гана өткөрөлү дедик. Жакынкы перспективдүү планыбыз бул жерди шаардын көрүнүктүү жери кылып жасайбыз», — деп жазды ал.

Түлеев сот жообуна тартылып жатканда эле эгер акталып калса бардык батирлерди өткөрүп берем деген убадасын эске салды. Эми ал Ленин райондук сотунда толук акталганын, ошондуктан бул батирлерди Мамлекеттик иоптекалык компанияга белекке берүү чечимин кабыл алганын белгиледи. Ошондой эле, ал юридикалык жактан батирлерди ээсине кайтарып берүү, андан кийин аны өз каалоосу менен мамлекетке өткөрүп берүү туура деп эсептейт.

Ленин райондук соту 2021-жылдын 17-сентябрында Түлеевдин 2013-жылдын 29-июлдагы Ленин райондук сотунун мүлктү конфискациялоо бөлүгүндөгү өкүмүн алмаштырып берүү боюнча арызын толук канааттандырган.

«Сот жообуна тартылып жатканда мүлктү тартып алуу Конституциянын негиздерине каршы келип, толук түрдө мыйзамсыз болгону тынчсыздандырып жатканын айткам. Ошондо эле эгер батирлер жөнөкөй жарандарга, мугалимдерге же дарыгерлерге берилсе, эч качан аларга кайрадан ээлик кылбайм дегем. Адилеттүүлүк ордун тапты, мен сөзүмө турам», — деп жазган экс-мэр.

Экс-мэр мындан сырткары Түлеевдердин үй-бүлөсү мамлекеттин эсебине эки административдик имараты өткөрүп берип жатканын билдирди: «Сапатборбору» ӨКМге жана Үмөталиев көчөсүндөгү имарат санариптик өнүктүрүү министрлигине. Түлеев жалпысынан мамлекетке 11 батирди өткөрүп берип жатканын, дагы 5-6 батирди өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын билдирди.

«Чечим мамлекетти колдоо максатында кабыл алынды. Өлкө эгемендик алган 30 жылдан ашык убакыттан бери эл өзгөрүү болот деп ишенип келген, бул үмүт баарынан да күчтүү. Ошондуктан элдин үмүтүн актоо үчүн мекениме колумдан келишинче жардам берүүгө даярмын», — деп жазган Түлеев.

Түлеев Ош шаарында соода-оюн зоок борборун курууга да уруксат алынганын, жакын арада долбоор коомчулукка көрсөтүлөрүн кошумчалады.

«Бул шаардыктар үчүн Оштогу эң кооз оюн-зоок жана эс алуу жайы болот», — деп жазды мурдагы мэр.

Түлеевдин имараттары эмне алынган?

Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеевге 2012-жылы борбор калаага Кытайдан автобус жана кар тазалоочу техникаларды сатып алууда мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген деп айып тагылган.

Нариман Түлеев сот отурумунда

Тергөөнүн версиясы боюнча, Түлеев мамлекетке 33 млн сом өлчөмүндө зыян келтирген. 2013-жылы Ленин райондук соту экс-мэрди мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан.

Бирок Түлеев 2016-жылы мунапыс аркылуу эркиндикке чыккан. Ошону менен катар, келтирген чыгымдары үчүн мамлекеттик казынага 60 млн сом өлчөмүндө айып төккөн.

Ошондогу бийлик анын «Караван» соода борборун, «Сапатком» бизнес борборун (2021-жылдын сентябрында гана ӨКМ көчүп барган), Түлеевге жана анын жакындарына таандык кымбат автоунааларды конфискациялаган. Мындан сырткары, батирлери дагы конфискацияланган — 2021-жылдын апрелинде аларды сатып жиберген деп мэриянын кызматкери Эрик Ашыралиев 16 жылга соттогон.

«Сапатком» Бизнес борбору

Тергөөнүн версиясы боюнча, Ашыралиев Ленин райондук администрациянын экономика жана финансы бөлүмүнө жумушка орношуп, мурдагы мэр Нариман Түлеевден конфискацияланып алынган сегиз батирди мыйзамсыз сатып жиберген. Аларды мэрия менчиктештирүү укугусуз кызматтык батир катары пайдаланмак.

*Мындан сырткары, Түлеев 2008-жылдан 2010-жылга чейин Ата түрк паркындагы 21 жер тилкесин жеке колдонууга берген. Алгач, 2008-жылы ал учурдагы Башкы прокуратуранын имаратынын айланасындагы участокторду саткан. Алгач бул жерлер чет элдик делегациялар үчүн мейманканалык комплекстин курулуш ишине деп президенттин иш башкармасына бөлүп берилген. Түлеев ошондой эле парктын чет жакасындагы эки жер тилкесин жеке менчикке берген.

Түлеев турак үй менен бизнес-борборду куруу божомолдонгон 600 чарчы метрлик аянты бар бир жер участогун өзүнүн атасына бөлүп берген.

2020-жылдын 20-октябрында, парламенттик шайлоодон кийинки саясий кризистин шартында Түлеев Бишкектин вице-мэри болуп дайындалган.

Бирок анын бул кызматка дайындалышы шаар тургундарынын нааразылыгын жараткан. Алар «бийликке репутациясы булганбаган жаңы адамдардын келишин» талап кылышкан. Эки күндөн кийин, 22-октябрда Түлеев биринчи вице-мэрлик кызматынан отставкага кеткен.

2021-жылдын февралында Түлеев сот мурдагы инстанцияларда ага карата чыгарган өкүмдөр жокко чыгарылганын маалымдаган. Ал ага карата кылмыш иши «Атамбаевдин адамдары тарабынан таңууланганын» айткан. Ал муну Атамбаев бийликте турганда камалганы үчүн айткан. Ошол эле айда ал коррупцияны мойнуна алган жана «Магнитскийдин тизмесине» кирген бажы төрагасынын экс-орун басары Райымбек Матраимовду феномен деп атап, коррупцияга малынган чиновниктин иштөөсүнө мүмкүнчүлүк берүүнү сунуштаган.

Түлеев ошол 2013-жылдагы чечимди даттанууга барып, 2021-жылдын 17-сентябрында анын 2013-жылдын 29-июлдагы Ленин райондук сотунун мүлктү конфискациялоо бөлүгүндөгү өкүмүн алмаштырып берүү боюнча арызы канааттандырылган. Түлеевге соода борбордун жер төлөсүнүн жана биринчи кабатынын бир бөлүгү кайтарылган.