УКМК: Стамбулдагы терактка тиешеси бар чет өлкөлүк жаран кармалды

Шектүү. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 8-декабрда Бишкек шаарында «М.Ш.Р.» аттуу чет өлкөнүн жаранын «террористтик ишмердүүлүккө катыштыгы бар» деген шек менен кармады. Бул тууралуу атайын кызматтан 10-декабрда кабарлашты.

Мындан сырткары, УКМКдан кармалган чет өлкөлүк жарандын Түркиянын Стамбул шаарында орун алган «терактка тиешеси бар болгону аныкталганын» билдиришти. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2017-жылы 1-январга караган түнү Стамбул шаарынын Reina түнкү клубунда ок атуу болгон. Анын кесепетинен 39 киши каза тапкан — анын ичинен 19у башка өлкөнүн жарандары болушкан. Терактта 60тай киши жаракат алган.

Түркиянын полициясы теракт жасоого шектеп Абдулгадир Машариповду кармаган. Ал Стамбулда кыргызстандык досунун үйүндө кармалган. Аны менен кошо дагы үч киши кармалган. Полиция Машариповду видео жазуулардын негизинде кармаган.