Унаа сүзүп кеткен «Тазалыктын» кызматкеринин үй-бүлөсүнө кенемте төлөнөрү айтылды

Бишкек мэриясы унаа сүзүп каза болгон «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерине 50 миң сом өлчөмүндө материалдык колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

«Мэрия жетекчилиги маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, муниципалитеттин фондунан 50 миң сом өлчөмүндөгү материалдык колдоо көрсөтөт. Ошондой эле "Тазалык" ишканасы кызматкер жумуш учурунда каза болгонуна байланыштуу Эмгек кодексине ылайык компенсация төлөп берет», — деп айтылат билдирүүдө.

Кырсык 12-декабрь күнү таңкы саат 06:45 чамалуу Жибек-Жолу проспектинде катталган. Маалыматты милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы тастыктаган.

Чыгыш автовокзалына жакын жерде «Тазалык» ишканасынын кызматкерин Mazda үлгүсүндөгү унаа сүзүп, 47 жаштагы жаран ооруканага бара жаткан жолдо жан берген. Кайгуул милициясы Mazda’нын 23 жаштагы айдоочусу тез жардам кызматын чакырганын кошумчалаган.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы «Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу М.К убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин маалымдаган.