«135 миң доллар». Октябрь РИИБдин издөөдөгү кызматкери кармалды

УКМКнын басма сөз кызматы 13-декабрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын издөөдө жүргөн кызматкери кармалганын билдирди. Ал өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип, 9-декабрда издөө жарыяланган.

Колго тушкөн Октябрь РИИБдин кызматкери. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, Октябрь РИИБдин кызматкеринин үстүнөн УКМКга арыз менен О.А. аттуу жаран кайрылган. Арыз ээси С.Р. атуу кыматкер кызмат абалынан пайдаланып, анын 135 миң АКШ долларын алдап алып, ар кандай шылтоо менен кайтарып бербей жатканын айткан.

Шектүүгө карата «кызмат абалынан пайдаланып өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүш ачылган. Биринчи май райондук соту ага каратакамакка алуу бөгөт чарасын сыртынан аныктаган болчу.

Атайын кызмат тергөө иш-чараларынын негизинде издөөдө жүргөн шектүү Чүй облусунун Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылынан кармап, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди.

Аны менен катар, сүрөттөгү жарандан жабыркагандар болсо мекеменин нөөмөт бөлүмүнө (0312) 66-04-75 жана 0702233243 Вотсап номери аркылуу кайрылууну өтүнүштү.

Буга чейин, 6-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетиУКМКнын басма сөз кызматы 6-ноябрда Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басарын пара опузалоого шектеп кармаган.

Маалыматка ылайык, шектүү транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарынын милдетин аткарып турган кезде 45 миң АКШ долларын опузалап алган.

Тема боюнча:

«Пара опузалоо иши». Октябрь РИИБдин төртүнчү кызматкери кармалды

Бишкек мэриясынын кызматкери 45 миң доллар опузалоого шектелип кармалды