Бишкек мэриясынын кызматкери 45 миң доллар опузалоого шектелип кармалды

УКМКнын басма сөз кызматы 6-ноябрда Бишкек шаардык мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары пара опузалоого шектелип кармалганын билдирди.

Атайын кызмат У.У.К. атуу шектүү транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарынын милдетин аткарып турган кезде 45 миң АКШ долларын опузалап алганын маалымдады.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Буга чейин, 25-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Эсептөө палатасынын аудитору менен инспекторун коррупцияга шектеп кармаган.

Атайын кызмат алар «Эйр Кыргызстан» авиакомпаниянын жетекчилиги менен жең ичинен сүйлөшүп алышып, мамлекетке 3 миллиондон ашык АКШ доллар зыян келтирилгенин «атайылап жашырышканын» билдирген.

Тема боюнча:

«Эйр Кыргызстандагы» коррупция. УКМК Эсептөө палатасынын эки кызматкерин кармады

iPhone 13 Pro. Октябрь райондук прокурордун орун басары эки айга камакка алынды