«135 миң долларды алып, кайтарган эмес». УКМК Октябрь РИИБдин кызматкерине издөө жарыялады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы 6-декабрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерине издөө салынганын билдирди. Ал өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелүүдө.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, О.А. аттуу жаран Бишкектин Октябрь РИИБдин кызматкеринин үстүнөн УКМКга арыз менен кайрылган. Арыз ээси С.Р. атуу кыматкер кызмат абалынан пайдаланып, анын 135 миң АКШ долларын алдап алып, ар кандай шылтоо менен кайтарып бербей жатканын айткан.

Издөөгө алынган Октябрь РИИБдин кызматкери. Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы.

Шектүүгө «кызмат абалынан пайдаланып өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык» менен сотко чейинки өндүрүш башталып, ал издөөгө алынды.

Ал эми Биринчи май райондук соту шектүүнүн баш коргоо чарасын сырттан карап, камакка алуу чечимин чыгарды. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

УКМКдан аталган кызматкерден жабыркагандар болсо мекеменин башкармалыктарына кайрылууну өтүнүштү.

УКМКнын аймактык башкармалыгынын ишеним телефон номерлери:

  • Чүй облусу: (0312) 54-07 19:
  • Жалал-Абад облусу: (03722) 5-60-49;
  • Ош облусу: (03222) 2-30-78;
  • Ысык-Көл облусу: (03922) 5-11-80;
  • Талас облусу: (03422) 5-20-43;
  • Нарын облусу: (03522) 5-08-49;
  • Баткен облусу: (03622) 5-00-33.

Буга чейин, 17-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Бишкек шаарындагы Октябрь району боюнча прокурордун орун басарын пара опузалоого шектеп кармаган.

Маалыматка ылайык, шектүү укук коргоо органдарынын кызматкерлерин «кылмыш жоопкерчилигине тартам» деп коркутуп, 5000 АКШ долларын талап кылган.

Ага чейин, 22-октябрда Аскер прокуратурасы «ири өлчөмдө пара опузалоо» ишинин алкагында Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын төрт кызматкерин кармаган.

Башкы прокуратура кармалгандар «кыйноо», «опузалап пара алуу» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип жатканын белгилеген. Тергөөнүн версиясына ылайык, милиционерлер алты баланын энеси Асыл Талипованы* камакка алуу шылтоосу менен өзгөчө ири өлчөмдө акча опузалашкан.

*Асыл Талипова октябь айынын башында алдамчылыкка шектелип суракка чакырылып, андан соң кармалган. Жактоочусу Канат Хасанов Бишкек ШИИББдин имаратынын жанына жалгыз митингге чыгып, аялды бошотууну талап кылган. Эртеси күнү Асыл Талипова үй камагына чыгарылган.

Тема боюнча:

«Пара опузалоо иши». Октябрь РИИБдин төртүнчү кызматкери кармалды

iPhone 13 Pro. Октябрь райондук прокурордун орун басары эки айга камакка алынды