«Пара опузалоо иши». Октябрь РИИБдин төртүнчү кызматкери кармалды

Аскер прокуратурасы тарабынан Бишкектеги Октябрь РИИБинин башчысынын орун басары Бегайым Турапова «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» жана «Опузалап пара алууга» шектелип кармалды. Бул тууралуу «Клоопко» Башкы прокуратуранын Маалымат жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн прокурору Чолпон Абдимомунова билдирди.

Аскер прокуратурасы Турапованы көп балалуу жалгыз бой эне Асыл Талиповадан ири өлчөмдө акча опузалоо ишинин алкагында колго түшүрдү.

Асыл Талипованын иши

Октябь айынын башында алдамчылыкка шектелген алты баланын энеси Асыл Талипова суракка чакырылып, андан соң кармалган. Анын жакточусу Канат Хасановдун айтымында, сурак учурунда Талипова «дарыканага барып келүү үчүн суранып чыккан, ал кайтып келгенде тергөөчү “шектүү жашырынгысы келип жатканын” айтып, аны камакка алган».

Андан соң Хасанов борбор калаадагы ИИБдин имаратынын жанына жалгыз митингге чыгып, аялды бошотууну талап кылган. Эртеси күнү Асыл Талипова үй камагына чыгарылган.

Ири өлчөмдө акча опузалоо

22-октябрда Аскер прокуратурасы «ири өлчөмдө пара опузалоо» ишинин алкагында Бишкектин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын үч кызматкерин кармаган.

Прокуратуранын тергөө тобу Октябрь РИИБинин башчысы Уланбек Аалиев, тергөө кызматынын башчысынын экс-орун басары Талгат Куватбеков жана тергөөчү Айсулуу Рамазан кызы ири өлчөмдө акча опузалоого шектелип жатканын белгилеген.

Октябрь РИИБдин башчысы Уланбек Аалиев. Сүрөт: AKIpress

Башкы прокуратура кармалгандар «кыйноо», «опузалап пара алуу» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга» шектелип жатканын белгилеген. Тергөөнүн версиясына ылайык, милиционерлер бир аялды камакка алуу шылтоосу менен өзгөчө ири өлчөмдө акча опузалашкан.

«[Шектүүлөр] А.Т. атуу жаранга карата моралдык жана психикалык кысым кѳрсѳтүшүп, анын кѳп балалуу жалгыз бой эне болгонуна карабай, өз максаттарына жетүү үчүн аны кайра-кайра негизсиз Октябрь РИИБине чакыртып, опузалап ѳзгѳчѳ ири ѳлчѳмдѳ пара талап кылышкан», — деп билдирген көзөмөл орган.

Ал эми 23-октябрда сот Октябрь РИИБинин башчысы Улан Аалиевдин баш коргоо чарасын аныктап, 2021-жылдын 21-декабрына чейин УКМКнын тергөө абагына киргизген.

Тема боюнча:

Октябрь РИИБнин жетекчиси жана тергөөчүлөрү пара опузалоого шектелип кармалды

Пара опузалоого шектелген Октябрь РИИБнин башчысы тергөө абагына киргизилди