Акыркы суткада коронавирустун 26 жаңы учуру катталды

Республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, Кыргызстанда 13-декабрга карата коронавирустун 26 жаңы учуру катталды, 31 адам айыгып чыкты. Ал эми илдеттен каза болгондор катталган жок.

  • Бишкек шаарында — 21;
  • Баткен облусунда — 4;
  • Ош облусунда — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 183 991ге жетти. Ал эми 179 040 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 770 адам көз жумду.

Учурда 350 бейтап ооруканада, ал эми 348 киши үй шартында дарыланууда.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 13-декабрга карата 1 181 адам COVID-19га каршы вакцина алды. Анын ичинде 583 адам биринчи дозасын, ал эми 598 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.