ИИМдин Тергөө башкармалыгынын экс-башчысы каза тапты

Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы 13-декабрда ИИМдин Тергөө башкармалыгынын мурдагы башчысы Сыргак Айткурманов каза тапканын билдирди.

Алгач айрым ЖМКлар өздүк маалымат булактарына таянып Айткурманов белгисиз бирөөлөр тарабынан сабалып кайтыш болгонун жазып чыгышты. Ал эми шаардык милициядан «Клоопко» Айткурманов өнөкөт боор кемтигинен улам көз жумганын айтышты.

ШИИББдин маалыматына ылайык, шаар тургуну анын Гоголь жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жатканын байкап, тез жардамга кабар берген. 13-декабрда эртең мененки саат 06:50 чамасында Айткурманов эсин жоготкон абалда Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жандандыруу бөлүмүнө жабык баш-мээ жаракаты менен түшкөн.

«Ооруканада Айткурманов эсине келбей жатканына байланыштуу, окуянын жагдайлары боюнча суракка алууга мүмкүндүк болгон эмес, ошондой эле анын жанында өздүгүн аныктоочу документтери менен “Айфон” үлгүдөгү уюлдук телефону бар экени белиглүү болгон», — деп жазылат билдирүүдө.

Милиционер түшкү саат 12:00дө денесиндеги оор жаракаттардан улам эсине келбей каза тапкан. Ал эми соттук-медициналык экспертиза маркумдун өлүмүнө «өнөкөт боор кемтиги, кызыл өңгөч жана ашказандын кан тамырынын кеңейиши жана ашказан-ичеги карындан агуусу» себеп болгонун аныктаган.