АКШ Кыргызстанга Pfizer вакцинасынын дагы 49 миң дозасын берди

10-декабрда АКШ Кыргызстанга COVID-19га каршы Pfizer вакцинасынын 49 140 дозасын берди. Бул тууралуу АКШнын Бишкектеги элчилиги маалымдады.

Элчиликтен белгилешкендей, вакцинаны жеткирүү COVAX механизми аркылуу уюштурулду — COVID-19га каршы вакцинага бирдей жеткиликтүү камсыз кылуу боюнча эл аралык демилге.

Pfizer вакциналары. Сүрөт: АКШ элчилиги

«Коопсуз жана натыйжалуу вакциналардын элге жеткиликтүү болушу бул пандемияны жеңүү үчүн абдан маанилүү. Мен бул вакциналар кыргызстандыктардын өмүрүн коргоого жана коркунучтуу жаңы варианттардын жайылышын алдын алууга жардам берет деп ишенем», —деди АКШнын Убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер»

Элчиликтен АКШ тараптан Pfizer вакцинасы экинчи ирет жеткирип берилип жатканын белгилешти. Алгачкысы 2021-жылдын 27-октябрында келген. Анда өлкөгө 26 миң доза вакцина түшкөн.

Алардын маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери АКШ Кыргызстанга COVID-19дун алдын алуу, аныктоо жана дарылоо үчүн 9 млн доллардан ашык каражат бөлүнгөн.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев АКШ өкмөтүнө терең ыраазычылыгын билдирип, Pfizer вакцинасы 30 миңден ашык кыргызстандыкка сайылганын кабарлады.

Кыргызстандагы эмдөө

Саламаттык сактоо министрлиги эмдөө кампаниясы эпидемиологиялык абалга оң таасирин тийгизип жатканын, бир да шаар же аймак «кызыл аймакка» кирген жок деп белгиледи.

Республикалык штабдын маалыматына ылайык, 14-декабрга карата COVID-19га каршы вакцинанын биринчи дозасы 1 млн 165 миңден ашык адамга сайылган, ал эми толук дозасын 947 миңден ашык адам алган.

Өлкөдө учурда төмөнкү вакциналар жеткиликтүү:

  • Sinopharm;
  • Pfizer;
  • Sputnik Lite;
  • AstraZeneca;
  • QazVac.