Видео: Кара-Сууда жергиликтүү ишкерге куралдуу кол салууга шектелгендер кармалды

Ош облустук милициясы 13-декабрда Кара-Суу шаарында «куралдуу каракчылыкка» шектелип үч жаран кармалганын кабарлады. Шектүүлөр жергиликтүү ишкерге курал такап, унаасын айдап качкан. Тоноо учурунда «Дэу-Лачетти» унаасы толугу менен өрттөнүп кеткен.

Маалыматка ылайык, Ош ОИИБге Кара-Суу районунун Савай айылынын 39 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган.

Анын айтымында, 13-декабрь күнү саат 09:50 чамасында Кара-Суу шаарынын Навои көчөсүндө ага бейтааныш эки адам кол салган. Алар жабырлануучунун көкүрөгүнө тапанча такап, «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаасын айдап качууга аракет кылышкан.

Облустук милиция ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында талоончулукка шектелип мурда «Киши өлтүрүү» жана «Ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо» беренелери менен эки жолу соттолгон 32 жаштагы Ш.М., мурда диний экстремизмге байланыштуу соттолгон 48 жаштагы А.У. жана мурда «Уурулук» беренеси менен соттолгон 46 жаштагы Р.Д. атту жарандар кармалганын билдирди.

Ведомство кармалган жарандардын жанынан мыйзамсыз сакталган курал-жарак табылганын кошумчалады.

«Бир даана автоматтык ок атуучу куралы, 5,45 мм калибрлүү 58 даана ок дары жана анын 2 даана ок кутучасы, 24 даана ок дарысы менен эки тапанча, К-17 тапанчасы, 2 даана кара түстөгү өндүрүшү белгисиз рация, 6 даана атайын бет кап жана 1 даана калыңдатылган шым далил катары алынды», — деп билдирет Ош ОИИБи.

Андан тышкары, окуя болгон жерден алынган буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, кылмышка шектүү топ тарабынан жасалган кылмыштарды тактоо боюнча кечиктирилгис тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

ТЕМА БОЮНЧА:

Бишкекте оюнчук тапанча менен банкты тоноого аракеттенген чет элдик кармалды