Бишкекте оюнчук тапанча менен банкты тоноого аракеттенген чет элдик кармалды

Шектүүнүн сүрөтү

Бишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери шаардагы банктардын бирин оюнчук тапанча менен карактоого аракеттенген кишини кармады. Шектүү Пакистандын жараны экени аныкталды.

Банкта каракчылык болгон тууралуу маалымат милицияга 27-ноябрда саат 17:00дөр чамасында түшкөн. Окуя болгон жерге Ленин РИИБдин ыкчам-тергөө тобунун кызматкерлери барышкан.

Ошол эле күнү банктын өкүлү милицияга арыз менен кайрылган. Арыздагы маалыматка ылайык, банкты карактоого аракет жасаган киши кызматкерлерди белгисиз үлгүдөгү тапанча менен коркутуп, түшүнүксүз тилде акча берүүнү талап кылган. Бирок кылмышкер максатына жетпеген соң качып кеткен.

Милиция «Каракчылык» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштап, анын алкагында Пакистандын 22 жаштагы жаранын кармады. Шектүүнүн жанына эки оюнчук тапанча табылган.

Шектүү ТИЗО-1ге бир айга камакка алынды. Ошондой эле, ИИМ анын ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешесинин бар жогун териштирет.