«Куралчан адамдар алып кетишти». Эркин журналист Куттумидин Базаркулов камакка алынды

Сүрөт: Куттумидин Базаркуловдун фейсбук барагы. 

Жалал-Абад облустук телеканалынын (ЖТР) мурдагы директору Куттумидин Базаркулов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу 15-декабрда «Клоопко» жубайы Жамиля Сыдыкова билдирди.

Анын айтымында, Базаркуловду 27-ноябрь күнү өздөрүн «УКМК кызматкерлерибиз» деп тааныштырган куралчан адамдар Бишкектеги үйүнөн Жалал-Абадга алып кетишкен.

«Шайлоонун алдында, 27-ноябрда таңкы саат төрттө куралчан, беткап кийген адамдар келип Бишкектеги үйүбүздү тинтүүгө алышты. Үйдөн эч нерсе табышкан жок, андан соң жолдошумду алып кетишти», — дейт ал.

Эртеси күнү Жамиля Сыдыкова атайын кызматка барганда жолдошу Жалал-Абадда экенин айтышкан. Ошондой эле Базаркулов 2015-2016-жылдары ЖТРди жетектеп турганда видео техникаларды сатып алууда тендер өткөрүүдөгү мыйзам бузуулар үчүн кармалганын билдиришкен.

«ЖТРди жетектеп турганда видео техника алуу үчүн тендер өткөрүүдө мыйзам бузулган деген ишти өз убагында облустук прокуратура текшерип эч нерсе тапкан эмес. Бул саясий куугунтук деп ойлойм. Анткени Куттумидин эркин журналист катары Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларды, азыркы бийликтин кадр саясатын сындап жүргөн», — деп билдирди Сыдыкова.

Сыдыкова ушул тапта жолдошунун ден соолугуна кабатыр болуп жатат. Анын айтымында, журналист акыркы убакта ооруп жүргөн жана бир өпкөсүн алдыргандыктан, такай дары ичип жүрчү.

Базаркуловго кандай айып тагылды?

Алдын ала маалыматтар боюнча, Базаркулов «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен айыпталып жатат.

Адвокат Шадыбек Сопубеков «Клоопко» Куттумидин Базаркуловду камакка алууга санкцияны Жалал-Абад шаардык соту бергенин айтты.

«Биз облусттук сотко аппеляциялык арыз менен кайрылганбыз. 13-декабрда иш каралып, облсот биринчи инстанциянын токтомун күчүндө калтырды. Ага ылайык, Базаркулов 2022-жылдын 28-январына чейин камакта боло. Азыр тергөө жүрүп жатат», — деп билдирди адвокат.

Саясий активист Эрлан Бекчоро уулу Базаркуловду «активист» деп атап, анын камакка алынышын курч саясий көз карашы менен байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептейт.

«Куттумидин Базаркулов камакка алынган депутат Бакыт Жетигенов, активист Азамат Мусакеев менен бир командада болчу. Камакка алынышы активисттик ишмердүүлүгү менен байланыштуу деп ойлойм», — деди ал «Клоопко» курган маегинде.

Ал эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети бул маалыматты тактап берүүнү убада кылган. Бирок материал жарык көрөр алдында атайын кызматтын басма сөз кызматы менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Эмне болгон тендер?

2016-жылдын август айында УКМК ЖТРКнын жетекчилигине карата «Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу» беренси боюнча кылмыш ишин козгогон.

ЖТРКнын жамааттык арызынын негизинде атайын органдын жергиликтүү кызматкерлери каржы-чарбалык иштер жана бюджеттик каражаттарды которуунун мыйзамдуулугун текшерип, мыйзам бузууларды аныктаган.

Облустук телеканалды 2010-2016-жылдар аралыгында башкарып келген Куттумидин Базаркулов ушул ишке байланыштуу кызматынан бошотулган.

Куттумидин Базаркулов деген ким?

Куттумидин Базаркулов «Дербиш» коомдук фондунун директору, «Адам» гезитинин башкы редактору.

2010-2016-жылдары Жалал-Абад облустук телеканалын жетектеген. 2021-жылы 10-январда өткөн президенттик шайлоого талапкерлигин койгон. Бирок кийин баш тарткан.

2021-жылдын апрель айында Базаркулов 7-апрель окуясынын 11 жылдыгын утурлай «Март, апрель, октябрь революцияларынын сабактары» аттуу коомдук талкуу уюштурган. Талкууга укук коргоочулар, апрель окуясында курман болгондордун жакындары, жарандык активисттер катышкан.

Акыркы учурларда эркин журналист, «Модератор. кж» сайтынын ээси катары белгилүү.

Бийликти басып алуу иши

2021-жылдын 26-ноябрында УКМК парламенттик шайлоодон кийин бийликти басып алууну пландаган топ кармалганын кабарлаган.

УКМКнын маалыматы боюнча, бул адамдардын тобу парламент депутаттарынын жана экс-чиновниктердин жетекчилиги алдында иштеген.

Атайын кызмат кармалгандар массалык башаламандык уюштуруу үчүн миңге жакын киши чогултканын, шектүүлөрдү тинтүү учурунда «кылмышка даярыкты тастыктаган» курал-жарактар, баңгизаттар жана документтер табылганын бир нече жолу кайталаган.

26-ноябрда ушул иштин алкагында депутат Бакыт Жетигенов, «Жашылдар» партиясынын талапкерлери Нурис Сүйөркулов, Руслан Акматбеков жана Бекназар Купешов ошондой эле «Эл ынтымагы» кыймылынын бир нече мүчөсү камакка алынган.