«Алтын Кумдагы» аквапаркта каза тапкан Ситниковдун өлүмү боюнча тергөө аяктады

Ысык-Көл ОИИБнин басма сөз кызматы 16-декабрда «Клооптун» журналистине Бостери айылындагы «Алтын кум» пансионатынын жээгиндеги аквапаркта каза тапкан 18 жаштагы Станислав Ситниковдун өлүмү боюнча тергөө аяктаганын билдирди.

Тергөө эмне аныктады?

Тергөөнүн маалыматына ылайык, аквапаркка ээлик кылган шектүү Айдар Текебаев аттракционго суу соргуч насостор орнотулган жерге белги берүүчү жана коргоочу тосмолорду орноткон эмес.

«Ал өз ишмердигин улантып, көңүл ачуучу суу-аттракциондорун иштетип, адам өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан», — деп белгилейт тергөө.

Тергөөнүн жыйынтыктаган документе, бизнесмендин аттракциону коопсуздук чаралары көрсөтүлгөн технологиялык документациясы жок иштегени да айтылат.

«Өндүрүш процессин көзөмөлдөөнү камсыз кылган аспаптардын болуусу жана иштөө системасы камсыздалган эмес, суу аттракционунун насостук түтүгү коопсуздук жабдыгы тосмолор менен курчалган эмес, суу аттракционунун башкаруу системасы жок болгон», — деп айтылат документте.

Кырсыктардын кесепетин жоюу боюнча да план түзүлгөн эмес. Тергөөнүн бүтүмүндө Текебаев мыйзам бузууларды жоюу боюнча эч кандай чара көрбөй, аттракционду иштеткенин улантканы айтылат.

Тергөөнүн жыйынтыгында ишкер Айдар Текебаев «Керектөөчүлөр үчүн коркунуч жаратуу» (Жазык кодексинин эски редакциясы) беренеси боюнча шектелип жатат. Аталган беренеге ылайык, ишкер эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратылат же 120-140 миң сомго чейинки айыпка жыгылат. Буга чейин, «Кокустуктан адам өлтүрүү» беренеси боюнча да тергөө жүрүп жатканы маалымдалган.

Станислав Ситниковдун өлүмү

Ситников 2021-жылдын 27-июлунда Ысык-Көлдөгү пансионаттардын бириндеги аквапаркта каза тапкан. Аны суу соруучу насостун диаметри 50 см болгон түтүкчөсү соруп кеткен. Куткаруучулар анын сөөгүн алып чыгуу үчүн экскаватор менен кумду казып, түтүкчөнү кескен.

18 жаштагы баланын өлүмү коомчулукта резонанс жаратып, милиция «Этиятсыздыктан киши өлтүрүү» жана «Колдонуучуларга коркунуч жаратуу» беренелери менен сотко чейинки өндүрүш баштаган.

Бул иш боюнча тергөөнүн жүрүшүн президенттин Ысык- Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев жеке көзөмөлүнө алган.