Орусиянын Сургут шаарында газ баллон жарылып, 3 кыргызстандык жабыркады

Иллюстративдик сүрөт

Орусиянын Ханты-Мансийск автономдук округундагы Сургут (Югра) шаарында 15-декабрда техтейлөө станциясында газ баллон жарылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, жарылуудан улам 31,40 жана 42 жаштагы үч кыргызстандык жабыркаган. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктардын абалы орточо деп бааланууда. Алар Сургуттун күйүк борборуна жаткырылган.

«Унаа оңдоочу жайда автоунааларга газ жабдыктарын орнотуп, тейлешчү. Алдын ала маалыматтар боюнча, газ баллондо жылчык пайда болуп, ал жарылууга алып келген. Андан улам имараттын чатыры урап түшкөн», — деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Дипөкүлчүлүк кошумчалагандай, Орусиянын Сургуттагы Тергөө комитетинин тергөө бөлүмү териштирүү амалдарын жүргүзүп жатат.

«Бул окуя Сургуттагы элчиликтин канцеляриясынын көзөмөлүндө», — деп билдиришти элчиликтен.