Президенттин басма сөз катчысы: Айгүл Жапарова Токтобүбү Оргалча менен тааныш болгон эмес

Айгүл Жапарова / Токтобүбү Оргалча

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «Альянс» партиясынын талапкери Токтобүбү Оргалча өлкө башчынын жубайы Айгүл Жапарованын «курбусу» деген маалыматты четке какты.

«Биринчи айым Айгүль Жапарованын Токтобубу Оргалча менен эч кандай байланышы жок жана аны менен эч качан тааныш болгон эмес», — деди Султанбаев.

Ошондой эле басма сөз катчы Борбордук шайлоо комиссиясынын гендердик квотаны камсыз кылуу боюнча чечимдерин «саясатташтыруунун, анын үстүнө, чайкоочулук кылуунун кереги жок» деп кошумчалады.

Президенттин «аяшы» жана гендердик квота

Оргалча президенттин үй-бүлөсү менен байланышы бар болгондугу тууралуу маалымат алгач 2020-жылдын октябрь окуяларында айтыла баштаган. Анда Оргалчага таандык «Шыдыр Жол Кей Джи» компаниясынын автобустары Садыр Жапаровдун тарапташтарын ташып жүргөнү маалымдалган.

Ал эми 2021-жылдын июнь айында Бишкектеги маршруткалар иш таштаган учурда Айгүл Жапаровага таандык «Үмүт булагы» коомдук фонду 20 автобусту жалдап, шаардыктарды бекер ташыган. Аталган автобустар «Шыдыр Жол Кей Джи» компаниясына таандык болуп чыккан.

Анткен менен «Шыдыр Жол Кей Джинин» өкүлү Нургазы Балтабаев алар автобустар үчүн ижара акысын алышпаганын, «Үмүт булагы» болгону 60 литрден күйүүчү май куюп бергенин билдирген.

Анткен менен Kaktus.media басылмасы компания Бишкек мэриясына автопарктын аймагын колдонгону үчүн 1 млн сомдон ашуун карызы бар экенин белгилеген. Мындан сырткары «Шыдыр Жол Кей Джи» бир нече каттамдар боюнча автобустарды жүргүзүүнү каалап, шаардык бийлик менен талаш-тартышта жүргөнү айтылган.

Ал эми парламенттик шайлоонун алдындагы дебаттарда «Ата Мекен» партиясынын талапкери Али Токтакунов да Оргалчаны президент Садыр Жапаровдун «аяшы» деп атаган.

«“Альянс”, сиздер өзүңүздөрдү оппозиция деп атадыңыздар, бирок курамында президенттин мурдагы кеңешчиси Медетбек Букуев, президенттин аяшы Токтобүбү Оргалча жана былтыр “Мекеним Кыргызстан” партиясынын камчысын чапкан, коррупционерлерди коргогон бир топ адамдар баратат. Сиздер чыныгы оппозициялык партиясыздарбы, бийликчил партиясыздарбы же “винегрет” партиясыздарбы?» — деп суроо узаткан Токтакунов.

Ал эми «Альянстын» талапкери Айсулуу Мамашова Оргалча тууралуу «ушактарга ишенбөөгө» чакырган.

Оргалча менен президент Садыр Жапаровдун үй-бүлөсүнүн байланышы «Альянс» партиясынан Жанар Акаев мандат албай турганы белгилүү болгондон кийин кызуу талкууга алына баштады.

Анткени 15-декабрда Акаевдин ордуна парламентке Токтобүбү Оргалча келе турганы белгилүү болду.

Ал арада «Альянс» партиясы БШКнын 30%дык гендердик квота» боюнча жобого өзгөртүүлөрдү киргизген чечимин сотко даттана турган болду. Ал эми Жанар Акаев «Боршайком адилетсиз буйрукту аткарды» деп билдирди. Талапкер БШКнын жетекчилиги «токтомду өзгөртүү үчүн комиссия мүчөлөрүнө басым жасады» деп эсептейт.