«Клооп» жана «Азаттыктын» журналисттери тарткан тасма сынакта жеңишке жетишти

Дастан Үмөтбай уулу, Элвира Султанмурат кызы жана калыстар тобунун мүчөсү. Сүрөт: Елена Баялинова

«Клооптун» кыргыз редакциясынын башкы редактору Элвира Султанмурат кызы жана «Азаттыктын» кабарчысы Дастан Үмөтбай уулу биргелешип тарткан документалдык тасма «Умтулуу 2021» улуттук сынагында «Балалыкты коргоо» номинациясын жеңди.

Журналисттер аутизм тууралуу «Тоюлан. Бийик балдар тууралуу тасма» аталышында кичи документалдык фильм тартышкан — анын баш каарманы Тоюлан жана анын апасы Ош шаарынын тургуну Самара Абдыкеримова болгон.

Тасмада Тоюландын мисалында аутизм деген эмне, аутист баланы тарбиялаган ата-энелер кандай кыйынчылыкка туш болушаары жана өзгөчө балдарды социалдаштыруу үчүн түзүлүшү керек болгон шарттар тууралуу баяндалган.

Фильмди көрүү үчүн бул шилтемени басыңыз: Тоюлан. «Бийик» балдар тууралуу тасма

Журналисттер арасындагы «Умтулуу» улуттук сынагы Internews уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан жыл сайын өткөрүлүп келет. Анын максаты жарандык жана кесиптик жоопкерчилигин сезе билген журналисттердин кесипкөйлүгүнө дем берүү жана заманбап маалыматтык тармакты өнүктүрүү.