Ош ОИИБ: Кара-Сууда күйөөсүн бычактап өлтүргөн аял бир айга камалды

Сүрөт: Ош ОИИБ

Ош облусунун Кара-Суу районда 57 жаштагы күйөөсүн бычактап өлтүргөн 41 жаштагы аял бир айга камалды. Бул тууралуу «Клоопко» Ош ОИИБдин басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя Шарк айылында 9-декабрь күнү саат 19:40 чамасында болгон. Жубайлар «спирт ичимдиктерин ичип отуруп чырдаша кеткен».

Тергөөнүн версиясы боюнча аял ашкана бычагы менен күйөөсүнүн көкүрөк тушуна бир жолу сайып жиберген. Күйөөсү алган жаракатынан жеринде каза болгон.

Маркумдун бир тууган эжеси окуя болгон жерге келип калып, тез жардам кызматын чакырган. Медиктер кишинин каза болуп калганын билгенден кийин милицияга кабар берген.

«РИИБдин кызматкерлери жеринен кароо жүргүзүп, канга боёлгон ашкана бычагынан манжа издерин алышкан. Ал маркумдун аялынын манжа изине 100% дал келген. Ошондой эле аялдын колунда жана кийиминде кан издери болгон», — дейт Аширбаев.

Басма сөз катчы милиция барганда «аял үйүндө мас абалында отурганын, кылмышты мойнуна алып окуяны айтып бергенин» кошумчалады.

Милиция «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, маркумга соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал эми Кара-Суу райондук соту 10-декабрда шектүүнү бир айга камакка алуу чечимин чыгарган.

«Клооптун» журналисттери буга чейин акыркы беш жылда өнөктөштөрүн өлтүрүп абакка кесилген аялдардын сот актыларын изилдеп чыгышкан. Анда көпчүлүк учурда аялдар зомбулуктан коргонуу максатында күйөөлөрүн өлтүрүп алганы аныкталган.

Бирок ага карабай тергөө органдарына коргонууну кылмыш катары баалаган ыңгайлуу экени белгилүү болгон — анткени бул алардын иш көрсөткүчүнө оң таасир берет.

Жалпысынан эркектер үй-бүлөлүк конфлик учурунда уруп-тебери, ал эми аялдар бычак менен коргоноору аныкталган. Бирок соттор алардын ортосундагы физикалык айырмачылыкты эске алышкан эмес.

Кененирээк окуңуз: Коргонсоң да, кордолсоң да өз шоруң. Абактагы аялдардын тагдыры