Акыркы суткада коронавирустан эки адам каза болуп, 39 жаңы учур катталды

Кыргызстанда 24-декабрга карата коронавирустан эки адам каза болду, илдеттен 55 бейтап айыгып чыкты. Жуктуруунун 39 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан маалымдашты.

  • Бишкек шаарында — 23;
  • Ысык-Көл облусунда — 5;
  • Ош облусунда — 4;
  • Чүй облусунда — 3;
  • Жалал-Абад облусунда — 3;
  • Ош шаарында — 1.

COVID-19 пандемиясы башталгандан бери өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 184 395ке жетти. Өлкө боюнча 179 497 киши вирустан айыкты. Коронавирустан жалпы 2 790 адам көз жумду.

Учурда 287 бейтап ооруканада, ал эми 337 киши үй шартында дарыланууда.

Ошондой эле, 24-декабрга карата 9 052 адам COVID-19га каршы вакцина алды, анын ичинде 4 897 адам биринчи дозасын, ал эми 4 155 киши экинчи дозасын алды.

Маанилүү окуялардан артта калбаш үчүн «Клооптун» жаңылыктарын Фейсбук, Телеграм, WhatsApp, Инстаграм, Твиттер жана Одноклассникиден да окуңуз.